www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт малды сыртка ташууга тыюу салганы менен Ат-Башы районунда эттин баасы дагы деле арзандай элек. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Райондо эттин килограммы 420-460 сомдон сатылууда.
Ат-Башы районунун тургуну Ализа Дүйшеева: «Малды сыртка экспорт кылууга тыюу салышты. Бирок ошого карабастан баасы түшпөй жатат. Ушул жагын караса жакшы болор эле», – деди.
Эт сатуучу Касым Түмөнбаев: «Кымбат алган малдын этин ошондой сатабыз», – деп кыскача жооп берди.
Ат-Башыдагы малдын баасы:
– Уйлар 70-75 миң сомго чейин;
– Букалар 40 миң сомдон башталат;
– Кунажын 35 миң сомго чейин;
– Чоң жылкы 75-78 миң сомго чейин;
– Кунандар 50 миң сом;
– Тайлар 35-40 миң сом;
– Семиз кой 15 миң сомго чейин;
– Козулар 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин;
– Эчки 4500 сом;
– Чоң улактар 3500 сом;
– Кичинекей улактар 1500.
Эттин баасы (1 кг):
– Койдун эти 420 сом;
– Уйдуку 460 сом;
– Жылкыныкы 420 сом;
– Топоздун эти 420 сом
Булак: NazarNews.kg