www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Сомалиден америкалык аскер контингентин дээрлик толугу менен чыгарып кетүүнү чечти. Бул тууралуу Пентагондун расмий сайтында маалымдалды.

"Дональд Трамп АКШнын Коргоо министрлигине жана Африка командачылыгына 2021-жылдын башында Сомалиден аскерлердин көпчүлүгүн башка өлкөлөргө жайгаштырууга буйрук берди",- деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда Пентагон, бул чара Американын Африкадагы коопсуздук иштерине катышуусун токтотот дегенди билдирбейт деп белгилейт. Маалыматка ылайык, куралдуу күчтөрдүн бир бөлүгү гана континенттин чыгышынан кетет, калган аскерлер Сомали менен кошуна мамлекеттерге жайгаштырылат. Алар "Сомалиде иштеп жаткан агрессивдүү экстремисттик уюмдарга кысым көрсөтүү" операцияларын жүргүзүүгө дайым даяр болуп, керектүү учурларда дароо чакырылып турат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости