www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Намибияда пилдер сатыкка коюлду

Намибияда бийликтегилер жапайы пилдердин ашыкча санынан жана өлкөдөгү кургакчылыктан улам 170 жапайы пилди сатыкка койду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Жаныбарларды сатуу жөнүндө Намибиянын Айлана-чөйрө, токой жана туризм министрлиги жарыялады. Департамент пилдерди аукцион аркылуу өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү сатып алуучуларга сатуу пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Ошол эле учурда, аукциондун ар бир катышуучусу жаныбарларды багуу шарттарына байланыштуу документалдык кепилдиктерди берүүгө тийиш.Андан сырткары, алардын нормалдуу жашоосун сактап калуу үчүн каражаттын болушу талап кылынат. Чет элдиктер пилдерди өз өлкөсүнө кирүүгө уруксат берген бажы документтерин көрсөтүшү керек болот.

Намибия Африканын түштүгүндө улуттук коруктардагы жана сейил бактардагы пилдер үчүн азык-түлүк жана суу тартыштыгына туш болгон жалгыз өлкө эмес. Ботсвана дагы Анголага пилдерди көчүрүү программасын ишке ашырууда. Африкада табигый жашоо чөйрөсүндө жашаган пилдердин жалпы саны 350 миңди түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости