www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын жана Ысык-Көл облустарында аба ырайынын кескин өзгөрүшү мал чарбасына таасирин тийгизди.

Адистер малдын өлүмү жугуштуу ооруларга байланыштуу эмес экенин билдиришти.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда акыркы күндөрү жааган калың кар жана абанын кескин суукташынын кесепетинен майда малдын чыгымга учураган учурлары катталды.

Адистердин маалыматына ылайык, малдын өлүмү жугуштуу оорулар менен байланыштуу эмес. Негизги себеп катары абанын кескин суукташы көрсөтүлүп, айрым мал ээлери койлорун кырктырып, андан соң жогорку тоолуу жайлоолорго айдап чыгышкандыктан, мал суукка туруштук бере албай калган.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы билдиргендей, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарды колдоо максатында жетиштүү көлөмдө тоют даярдалып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин катышуусунда жайлоолорго үзгүлтүксүз жеткирилип келген.

Учурда эпизоотиялык абал туруктуу бойдон калууда.
Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө аба ырайы турукташып, жааган кар эрип кетти. Чыгым болгон малдын калдыктары тоют жеткирүүдө колдонулган унаалар аркылуу айыл аймактарына жеткирилүүдө. Андан соң ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык жок кылуу иштери жүргүзүлөт.

Учурда кырдаал тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө болуп, жайлоодогу малчыларга зарыл жардам көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле ветеринардык адистер малдын абалына туруктуу мониторинг жүргүзүп, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин улантууда.

Последние новости