www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын алты айында Ат-Башы районунда укук бузуулар боюнча 520 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 950 миң 500 сом айып пул салынды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде прокурордун катышуусу менен 139 административдик иш каралган.

Анын жыйынтыгында 38 иш боюнча күнөөлүү деп табылган жарандарга 198 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары, 46 адам коомдук иштерге тартылып, 19 жаран административдик камакка алынган.

Ошондой эле 33 айдоочу транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылып, бир чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылган.

Ал эми эки административдик иш өндүрүштөн кыскартылганы маалым болду.

Последние новости