www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 24-сентябрда дүйнөлүк марка “Sheraton” отелинин ачылышы болуп, ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Жакшы жышаан.

Илимкөй активист Бакытбек Абдуллаевдин берген маалыматына ылайык, анын ачылышы жана бизнес форум үчүн Түркиядан эле 90дой түрк бизнесмени келишти. Форумдан тышкары Бишкекке эң жакын Токмокко барып, Бурана мунарасы, көк-бөрү, салбуурун оюндарын көрүшүп, ырахат ала алышты. Ал гана гана эмес кыргыз улуттук “Супаранын” тамагына да, шартына да суктанышкан. “Ата-Бейитке” барышып, анда автор кыргыз маданиятынын тарыхын  айтып бергени тууралуу да айтат.

Бирок... бирок, кейиштүүсү – “Буранада” эптемей туалет болсо, “Ата-Бейитте” жаңы салынган туалетти кулптап бекитип коюшуптур.

Бул боюнча түрк бизнесмендердин бири: "Туалетти ар жерде кыла бергидей көчмөндөр доору бүттү. Маданият дагы, туризм дагы туалеттен башталат."- деп айтканын жарыялады Абдуллаев.

Уят эле го, түзүк деп жүргөн урматтуу “Маданият министри!”

Булак: "NazarNews.kg

Последние новости