www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атахан Кожогулов:

-- Атахан, жаңы ыр жыйнагың кут болсун! Китебиңдин аталышы кызык экен, эмне үчүн “Шамал кайып”?

-- Рахмат! "Шамал кайып" деп аталып калган себеби, Кочкор районундагы биздин Чолпон айылы шамалдын огунда жайгашкан. Дээрлик жылы бою шамалында тыным жок.

Бала кезде ышкырып тынбаган шамалдан тажаган күндөрүм да болду. Кийин мектепти бүтүп, борборго келгенде шамалды сагындым. Себеби, шамалга бала кезимден ынак болуп, жакын сезип алыптырмын.

Анан шамал жөнүндө ырлар өзүнөн өзү жазылып калганын байкабай калам. Китепке кирген ырларымда шамал темасы басымдуу, ошондуктан ушинтип атадым.

-- Сен бир жолу мага “улам жыйнак чыккан сайын акындын жандүйнөсүндө өсүү болот бекен?” деген суроо узаткансың. Ушул суроону өзүңө бергим келим жатат, бул жыйнагың эмне өзгөчөлүккө ээ боло алды деп ойлойсуң?

-- Ал ар бир чыгармачыл адамдын өзүнөн болсо керек, “китеп чыгарсам эле өсүү болот” дегенден алысмын. Өсүү болуш үчүн акын абдан издениш керек, көп окуш керек.

Азыркы күндө өзгөчө акындар көп эмеспи, эки саптын башын эптеп кошкондун баары эле бакыйып чыга келишти... Болбосо, “акын” деген сөзгө татыш үчүн тубаса талант, тыным билбеген эмгек да аздык кылып, бүтүндөй өмүрүңдү чыгармага арноо керек да.

Ал эми жаңы китебимде кандай табылга, кемчилик бар экенин поэзияны терең түшүнгөн окурман журту айтса туура болот.

-- Дос-жарың өтө эле көп экенин байкап жүрөм. Башың бийиктесе бар болуп, төмөндөсөң жок болуп кеткен көлөкө жолдоштор, жаманчылыктан ажыраткан акыреттик достор да болот эмеспи. Дегеле, дос күтүүнүн сыры эмнеде?

-- Ооба, пикирлештер, санаалаштар, мени тааныгандар абдан көп, бирок айрым учурларда, өзгөчө акыркы жылдарда мени терең түшүнгөн жакын досум жок экенин билдим. Бул балким, өзүмдүн кемчилигимдир.

Сыйлашкан достор, классташтар, курсташтар арбын эле. Ой калчап, баарын таразалап көрсөм, дос күтүү абдан татаал нерсе экен. Ошентсе да бала кезимден бирге өсүп чоңойгон классташтарымды жакын сезем.

-- “Акындын тагдыры канчалык оор болсо, ырлары ошончолук терең, мазмундуу болот” дешет. Ушуга кошуласыңбы?

-- Ооба, кошулам. “Акынга тагдыр керек” деген чындык. Менимче, поэзия деген сөз өзү эле муң, кайгы, күтүү, сүйүү, кусаны тагдырды камтып тургандай.

Кубанычыңды жазгың келбейт, ал эми кайгы, арман жазылат экен. Бирок, ыр чын дилден жазылса гана күчтүү чыгарын байкайм.

-- Атахан, акындык адамдык менен канчалык айкалышы зарыл?

-- Акындык менен адамдык асыл сапаттар бири-бирине айкалышып, төп келип турушу керек. Таланты канчалык ашып-ташып турса да, адамгерчилик дегенден ныпым жок болсо, баары бир сергек окурман билип, мыкты жазса да окубай койсо керек.

Мыкты акын болбой калсаң да, мыкты адам болуу баарынан бийик нерсе го.

-- Дүйнөнүн өзөгүн эмне түзөт?

-- Менимче, дүйнөнүн өзөгүн ар бир адамдын тирүүлүгү түзсө керек. Амандык – жамандыкты жеңет! -- Маегиң үчүн рахмат! Орошон ойлуу ырларды жаратып, бар бол! Ийгиликтер коштосун!

Булак: Азия News гезити

Последние новости