www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Атай мырза, президентке кайрылуу жолдодуң. Буга эмне себеп болду? Кандай маселе, көйгөйлөр камтылды?

- Акыркы учурда президентке улам-улам кайрылууга, кээ бир маселелерди тактоо иретинде суроо жолдоого туура келип калып жатат. Президент дагы, бийлик бутактары дагы азыркы учурда коомчулук тараптан болуп жаткан сындарга, суроо-талаптарга түшүнүү менен мамиле кылганы оң.

Анткени акыркы отуз жылда элдин бийликке болгон ишеничи жокко эсе болуп, ар бир бийликте жүргүзүлүп жаткан долбоорлор, кадамдар шек санатып жатканы ырас. Себеби буга чейин “өтө кооз” делген долбоорлордун арасында жеке кызыкчылыктар камтылып келгенин көрдүк.

Ошондуктан президентке кайрылуубуздун себеби өтө көп. Акыркысы ошол эле чуу жараткан резиденциянын курулушу боюнча эмне деген гана суроолор жаралбай койгон жок? Эмне үчүн президенттин иш башкармалыгы бир маалыматты берет? Президент өзү “жеке тараптарга берилди” дейт.

Дирекциянын башчысы болсо “12 гектары бул жерде, 4 гектары тигил жерде болушу керек, азырынча аныктап инвестор издеп жатабыз” дейт. Куруп жаткан компания болсо “Казакстан тараптан инвесторлор келип, бизди жалдап акчасын берип койду, биз иштеп жатабыз” деген маалыматын айтты. Бир эле маалымат боюнча төрт булактан келген жоопту салыштырып көрсөк, көп суроолор жаралып жатат.

Ошол эле Кумтөр боюнча атайын мамлекеттик деңгээлде расмий, түз эфирде элге кайрылып, министрлер кабинети, депутаттар, жалпы бийлик бутактарынын катышуусунда кол коюп, кыргыз элин куттуктап, “мына бүттү” деп туруп, анан бир жума өткөндөн кийин, өткөн жекшемби күнү минстрлер кабинетинин төрагасы “Кумтөр келишими боюнча “Центерра” менен кол коюуга “Улуу көчмөндөр мурасы” акционердик коомунун төрагасы Тенгиз Бөлтүрүккө мамлекет тараптан укук берилди” дегени, тилекке каршы, буга чейинки болгон иш-чараларды жууп кетти (!) десем жаңылбайм.

4-апрелде биз эмнеге кол койдук? Эмне иш-чара өттү, эгер расмий бийликтин Кыргызстандын атынан кол коё турган укук Тенгиз Бөлтүрүктө болсо? Эмне себептен ачык акционердик коомдун жетекчисине мамлекеттин атынан кол коюу укугун берип жатабыз? Акционердик коомдор тууралуу мыйзамда так көрсөтүлүп турат: “Акционердик коом мамлекеттин алдында, мамлекет акционердик коомдун алдында эч кандай жоопкерчилик тартпайт” деп.

Демек, бул биздин акыркы кадамыбыз жоопкерчиликсиз кадамга барып такалып жатпайбы! Буга ким жооп берет? Эмне себептен биз ошол эле Кыргызстан тараптан коюлган 4,2 млрд. долларлык чыгым тууралуу унчукпай калдык? Анын тагдыры эмне болду? Экологияга байланышкан 3 млрд. долларлык жана салыкка байланыштуу 1,2 млрд. долларлык чыгымды “Центерра” тарап кылды (!) деп аныктап, соттун чечими менен далилдедик, бирок анын тагдыры кандай болду?

Мен президенттен ачык гана жоопторду күтөм. Баарына ачык жооп берип турса. Эмнеси болсо дагы убакыт, тарых келип учурунда талдап коёт. Ошондуктан президентке кайрылып, адилеттүүлүк болот деп күтүп жатабыз. Ошол реакция бизге өтө маанилүү.

Буга чейинки бийлик алмашуулар, социалдык, саясый кризистердин баары маалымат жашыруудан, коом тараптан болуп жаткан суроо-талапка бийлик жооп бербей калгандан башталган. Ошондуктан Садыр Нургожоевич андай чыңалууга жол бербейт. Күн тартибинде болгон баардык маселелерге ачык, далилидүү жооп берет деп күтөм.

- Деги эле сага окшоп тайманбай чындык айткандарга кандай реакциялар болууда?

- Менин оюмча, бийлик бутактары президент Садыр Жапаров, ошол эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, анын орун басары Эдил Байсалов, коомго чыгып жаткан кайсы бийлик бутактарынын өкүлү болбосун, сынды туура кабыл алуу маданиятын калыптандырышса...

Эгер бирөө сын айтса, ал душманга айланат, же болбосо “жеке кызыкчылыгын көздөп жатат” деп жекеликке өткөн ыплас сөздөр менен коштолуп жатат. Айтылып жаткан сындын маани-маңызы экинчи планда калып, сын айткан адамды каралап, душман катары кабыл алып жатканы жакшы көрүнүш эмес.

Бийлик адамдарынын бийликке келгенге чейинки ММКларга болгон мамилеси ошондой сакталбаганы өкүндүрөт. Ошондуктан сынды туура кабыл алып, сунуштар болсо ачык айтып, сын айткан адамдын аргументтери жүйөлүү болсо, аны коомго алып чыгуу – бүгүнкү талап. Бийлик жалпы элди канааттандырып ачык жооп берип турууга жетишиши зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости