www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарына баңгизатын системалуу түрдө ташып келгендер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жарандары Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизаттарды Ысык-Көл районунан Балыкчы шаарына системалуу түрдө ташып келип, андан кийин колдонуу жана сатуу үчүн кол менен даярдашкан.

22-сентябрда Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. баңгизат каражаттарын ташып бара жаткан учурунда кармалып, тинтүү учурунда 6 килограмм баңгизат, баңги каражаттарын жасоо үчүн буюмдар, ошондой эле катталбаган "Тоз 8" үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар алынган.

Т.Э.Ж. жана Ж.у.Э. кармалып, Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айга камалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости