www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу мушкер Мессини коркутту

Мексикалык мушкер Сауль Альварес социалдык тармак аркылуу футболчу Лионель Мессини коркутту. Бул тууралуу «Tofight.ru» сайты билдирди.

2022-жылдагы дүйнө чемпионатында Аргентина Мексиканы 2:0 эсебинде утуп алды. Оюндан кийин социалдык тармакка Месси жерде жаткан мексикалык футболчунун көйнөгүн тээп жаткан видео тараган.

Мексикалык мушкер Сауль Альварес Твиттер аркылуу ал кырдаалга жооп кайтарды.

«Мен Мессини биздин желекче менен пол сүртүп жатканын көрдүм. Аны таппай калсам деп Кудайдан тиленип койгула», - деп жазган мушкер.

Эске сала кетсек, 2-турдан кийин Аргентина «С» тайпасында 2-орунду ээлеген. Акыркы орунда Мексика турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости