www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда беш жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү уланды.
Кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып келген судья сот өкүмүн окуду, ага ылайык:
Алмазбек Атамбаев мүлкүн конфискациялоо менен 11,6 жылга эркинен ажыратылды;
Фарид Ниязов — 7 жыл 8 ай;
Канат Сагымбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
Ирина карамушкина — 7 жыл 6 ай;
Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 ай;
Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
Фархад Баабиев — 5 жыл 6 ай;
Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
Асел Кодуранова — 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл.
Соттун чечимине ылайык Карамушкина, Ниязов, Жээнбековдор сот залынан камакка алынган.
Бейлгилей кетсек, Биринчи май райондук соту Атамбаевге жана дагы айрым кызмат адамдарына, анын тарапташтарына козголгон бир нече ишти бириктирип карады. Биринчиси Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы, экинчиси Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу коррупция жана үчүнчүсү 2019-жылдагы аны Кой-Таштагы үйүнөн кармоо учурундагы бир адамдын өлүмү менен коштолгон башаламандык фактылары боюнча.