www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талгарбековдор таптаза акталып, аларды каматкан Атамбаев камалып жатат. Атамбаевдин тушунда Талгарбеков бийликти басып алуу аракети боюнча айып менен 14 жылга соттолуп, андан үч жыл өткөн соң эркиндикке чыккан. Эске салсак, беш жыл мурда Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде чоң катачылык кеткен эле. Оппозициялык «Элдик парламент» коомдук уюмунун мучөлөрү Бекболот Талгарбеков жана Төрөбай Колубаев экөө 14 жылдан, Марат Султанов 10 жылга «мамлекеттик бийликти басып алышмак болгон» деген жалаа менен соттолушкан. Анын төрт жыл үч айын абакта жабык режимде отурушкан. Ал эми Жээнбековдун бийлигинде жартылай акталышып, моюндарында беш жылдык мөөнөт калтырылган. Эми, Жогорку сот алардын ишин кайра карап, толук актоо өкүмүн чыгарды. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген кыргыз элибиз, биз да куттуктайбыз!
«Элдик парламент» кыймылынын лидери Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берип, андан 17 млн сом компенсация талап кылат. Талгарбеков моралдык зыяндын өлчөмүн 17 млн сомго баалаган, анткени айыптоо аны 2016-жылы 17 жылга камоону суранган. Натыйжада анын жаза өтөө мөөнөтү 14 жылга чейин кыскартылган. «Атамбаев мурда деле жана жакын арада “Апрель” телеканалына курган маегинде да мени мамлекеттик төңкөрүш жасайт деп айыптады мунун баары чындыкка коошпойт», — деген ал. Саясатчы ошондой эле «Дело №» гезити менен да соттошмокчу. Андан тышкары, КТРК телеканалын андан кечирим суроону талап кылат. Талагарбеков гезит менен телеканал анын «ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жайылткан» деп эсептейт. Талгарбеков 9-мартта бошотулуп, ал мөөнөтүнөн мурда шарттуу эркиндикке чыккан. Ал «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча акталганы менен «Улуттук кастыкты козутуу» беренеси боюнча айып калтырылган.
Бекболот Талгарбеков — 2016-жылы түзүлгөн «Элдик парламент» бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Кыймыл ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кылган. Атамбаев өзү «Элдик парламенттин» катышуучуларын «чет элдик генералдар менен байланыштыгы бар» деп айыптаган. Талгарбеков менен кыймылдын дагы башка катышуучуларын бийликти митинг аркылуу басып алуу боюнча ыктымал телефондук сүйлөшүүлөрү интернетте тарап кеткенден кийин 2016-жылы кармашкан. Натыйжада Талгарбеков жана бирикменин башка катышуучулары беш жылга шарттуу түрдө кесүү мөөнөтүнөн тарта 14 жылга чейин эркинен ажыратуу абак жазасын алышкан. Абактан чыккан саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатканын билдирген.
«Биз камалган учурда “мамлекеттик төңкөрүш жасайм деген” жалган түздөн-түз күнөөлөгөн. Бул өтө оор айып болуп саналат. Ошонун айынан мен үч жылга жакын абакта отуруп чыктым. Эми сотто бул сөздөрдү кайсы жерде айтканымды далилдеп берсин. Мени 17 жылга кесүүгө аракет кылышкан үчүн моралдык кенемте катары 17 миллион сом талап кылып жатам. Азыр документтеримди топтодум, эртең адвокатым менен жолугушам», — деди Талгарбеков. 2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту »Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесине ылайык 14 жылга соттогон. Белгилей кетсек, 2018-жылы 8-февралда Жогорку сот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечим чыгарган. 7-мартта үч жылдан бери абакта жаткан “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү, мурдагы министр Бекболот Талгарбеков абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Өлкөнүн ар бир жараны сыяктуу эле мени да акыркы мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуялар кооптондурат. А.Акаев жана К.Бакиев башкарган, мамлекет үчүн майнапсыз 20 жылга токтолгум да келбейт. Алардын бардык кемчиликтери, коррупция жана өз элине карата чыккынчылыгы жөнүндө жетиштүү айтылган. Ошентсе да, өткөн эки революцияга карабастан, өлкө бүгүн кез келген экономикалык жана саясий кырдаалды эч ким олуттуу талдаган жок. Эч ким мамлекеттик жана коомдук менчикти приватташтыруу шылтоосу менен өз элин тоношкон “журт аталарынын” жана алардын жан жөкөрлөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берген жок. Бул масштабдуу афералардын жана коррупциянын, бийлик жана кылмыштуу дүйнө тарабынан өлкөнү каптаган өзүм билемдиктин четин билүү менен эле эл эки революция жасады. Ал учурда эл А.Акаев менен К.Бакиевди кулатууга салымын кошкондордун ар бирин колдогон. К.Бакиевди, андан да анын чөйрөсүн кубалаганга көбүрөөк кубанышкан. Азыркы бийликтен эл чоң үмүттөнгөн.
Бардыгы бул бийлик уурдалган мамлекеттик менчикти кайтарат, өлкөнүн экономикасын көтөрөт, мыйзамдын үстөмдүгүн жарыялайт жана жарандын укугу менен эркиндигин коргойт деп үмүттөнүшкөн. Баарынан да эл мурдагы шылуундар жасаган сыяктуу мамлекеттик менчиктин жана кызматтардын кайтадан бөлүнүшүн каалаган эмес. Пикирлердин плюрализмин, таза шайлоолорду жана чыныгы сөз эркиндигин, а башкысы – жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн принцибинин – күнөөсүздүк жөнүндө презумпциянын камсыздалышын каалаган. Бирок айрым партиялардын жана коомдук кыймылдардын мүчөлөрүн камакка алуу менен байланышкан акрыкы окуялар азыркы бийликтин саясатындагы артка кеткен процесстер жөнүндө күбөлөп турат. Азыркы бийлик өз максатына жетүү үчүн мурдагылар тарабынан тапталган жол менен кеткендей сезим жаралат. Териштирбестен туруп эле, чын-төгүндү койгулаштыруу менен алардын өлкөнү өнүктүрүү үчүн ойлонулбаган жана майнапсыз саясатына каршы сүйлөгөндөрдүн баарын коомдон обочолотуп жатышат. Мында бул ишке кылмыш-жаза укугунун «АСын» түшүнбөгөн, ал гана эмес «кылмыш курамы» деген сыяктуу укуктук категория бар экендигин билбеген, а эн башкысы – далилдерди жасалмалагандык учун, адамды билип туруп мыйзамсыз кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жана камоо үчүн жоопкерчилик бар экендиги жөнүндө билишпеген тажырыйбасыз тергөөчүлөрдү тартышууда. Ооба, эл өз амбициялары, бийликке кайра келүү үчүн дагы бир революцияны эңсегендерден тажады. Жана коомдук аң-сезимди мындай козутуучулар менен иш жүргүзүү керек, бирок, А.Акаев менен К.Бакиевге окшоп калбаш үчүн, мыйзам алкактарында жүргүзүү зарыл. Башкаларды айтпаганда да “убактылуучуларга” оппоненттер менен мындай күрөштүн кесепеттери жөнүндө белгилүү болууга тийиш эле. Биз өлкө жетекчилигинин экономикалык кризисти ооздуктоодогу, өзгөчө социалдык маселелерди чечүүдөгү аракетсиздигин жон терибиз менен сезгенбиз. Жана бийлик мындай абалды өзүнүн жөндөмсүздүгү менен түзгөн. Жогоркулар канчалык актанышпасын, өлкөнүн экономикасындагы абал жан кейитерлик. Албетте, мындай жагдайлар бүгүнкү бийликтин оппоненттерине ар кандай аракеттерди көрүүгө чакырык таштайт. Бийликтин мындай кудуретсиздиги абалында алардын ар кандай кыймыл аракеттерин “бийликти күч менен басып алууга даярдык” катарында мүнөздөөгө болбойт. Бул бийлик үчүн күрөштөгү мыйзам ченемдүүлүк. Президенттин айланасы болсо коомдогу иштин абалына туура баа беруунун оордуна, фактыларды бурмалап керектуу жагына козутуу менен аша чаап кетуудо. Муну биз “Элдик парламент” менен болгон окуядан көргөнбүз. Мыйзамдын жана жөнөкөй логиканын көз карашынан териштирүүгө аракеттенели. Калк тарабынан бир убактагы агрардык республиканын экономикасынын айыл чарба секторун башкы өнүктүрүүчү катары кабыл алынган Б.Талгарбеков бир нече жылдан бери өзүн бийликке оппозиция катарында көргөзүп келет. Кыргызстандыктар анын аракеттерин мурдагы убакытты эңсөө катары кабыл алгандар болгон. Чындап келгенде ким менен бириккенди жана тынч акцияларды өткөрүүнү кааласа да, бул - анын конституциялык укугу. Кабатырлаткан нерсе башка, Атамбаевдин муну түшүнбөгөндүгү. Же түшүнөт, бирок, башкаларга сабак болсун деп аны жана анын шериктерин “айыпка жыгуу” менен аларды каармандар (элдик баатырлар)– саясий туткундар кылуу тобокелчилигин жаратып алгандыгында. Минтүү менен элдин алар жөнүндө пикирин таптакыр тетири өзгөртүп алган, ошондо жөнөкөй көпчүлүк аларга кошулууга умтула башташкан. Конкреттүү аракетти (аракетсиздикти) кадыресе кылмыш катарында мүнөздөө үчүн төрт системчеден (подсистем) турган: кылмыш объектисинен, кылмыштын объективдүү тарабынан, кылмыштын субъектисинен, кылмыштын субъективдүү тарабынан турган кылмыш курамынын болушу зарыл. Бул көрсөтүлгөн кылмыш курамынын мааниси ал кылмыш-жаза жоопкерчилигине негиз болуп кызмат кылгандыгында турат. Кылмыш курамынын кандайдыр-бир элементи жок болгон учурда кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала албайт. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине негиз болуп кылмыш-жаза мыйзамы менен каралган кылмыш курамынын белгилерин камтыган коомдук коркунучтуу жосунду жасоо саналат. Б.Талгарбековго жана анын коллегаларына тагылып жаткан кылмыштардын объективдүү жагына токтололу. Аракеттерди Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 295-бер. боюнча квалификациялоо үчүн бийликти күч менен басып алууга же бийликти күч менен кармап турууга багытталган аракеттерди жасоо зарыл...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg