www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында мыйзамсыз аңчылык боюнча түшкөн маалыматтын негизинде тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Суусамыр аймактык өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө айылдагы үйлөрдүн биринен тоо текенин эти табылган.

Аталган факт боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Учурда мыйзамсыз аңчылык фактысы боюнча иликтөө иштери уланууда.

Последние новости