www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жарлыктын максаты шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандыруу болуп саналат.

Жарлык менен төмөнкүлөр каралууда:

1) шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктоо;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Шахмат Союзу менен биргеликте 2026-жылдын 1-сентябрына чейин 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун комплекстүү улуттук программасынын долбоорун даярдоо жана бекитүүгө киргизүү тапшырмасы;

3) Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондун түзүү;

4) Кыргыз Шахмат Союзуна эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү фондунун уставын иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү тапшырмасы;

5) Кыргыз Республикасындагы 500 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 3–5-класстардын окуучулары, билим алуучулары үчүн шахмат ийримдеринде кошумча билим берүү – «Мектептердеги шахмат» долбоорун пилоттук режимде киргизүү;

6) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине төмөнкүдөй тапшырмалар:

- пилоттук долбоордун катышуучулары – 500 жалпы билим берүү уюмунун тизмегин бекитсин;

- 3–5-класстардын окуучуларына шахмат ийримдери үчүн кошумча билим берүүнүн типтүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;

- шахмат ийримдерин жүргүзүү үчүн педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылсын;

- пилоттук долбоордун натыйжаларына 10 ай өткөндөн кийин мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштурсун;

7) жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Шахмат Союзунун сунушу менен тапшырылуучу «Жылдын мыкты шахматчысы», «Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу» деген Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын сыйлыктарынын уюштурулуусу.

Последние новости