www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нью-Делидеги мейманканада чыккан өрттөн каза болгон 3 кыргызстандык боор алмаштыруу операциясы үчүн Индияга барышканын Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов кабарлады.
Элчинин маалыматына таянсак, каза болгондор - 50 жаштагы аял, ага боорун берген 23 жаштагы уулу жана аларды караганы барган 76 жаштагы апасы болгон. Алар Индияда эки айдан бери дарыланып жатышкан.
“Операция жасалган. Дарыланып бүтүп, бир жуманын ичинде мекенине кайтып келмек. Учурда окуянын себептерин полиция иликтеп жатат. Тиешелүү органдардын уруксаты алынгандан кийин сөөгүн мекенге жеткирүү иштери жүргүзүлөт. Туугандары менен байланыштабыз”, - деди элчи.
Айта кетсек, 3-июнда Индиянын Нью-Дели шаарындагы мейманканалардын биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 21 адам каза болгон. Алардын арасында үч кыргызстандык жаран да бар.