www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Атамбаев канчалык «Мен жер каймактаганда эле мультимиллионер болчумун, ошондо эле «вольво» тээп жүрчүмүн» деп актанганы менен анын байлыгынын көпчүлүк бөлүгү мамлекет башчысы болуп иштеп турган убагында табылып жатканын танууга болбой калды. Анын өзүнө караганда аялы Раиса Атамбаева 2010-жылдан кийин тымызын жол менен укмуштуудай капитал топтоп алган.
Бүгүнкү күндө АШАнын үй-бүлөсүнө каршы анын өтө жакын адамдары тергөөдө көрсөтмө бере баштады. Мисалы, Раиса айымдын сот иштерине кийлигишкени, басым жасаганы, кимди калкалап, кимди соттоо керек экенин жаңсап турганы боюнча Манас Арабаев айтып берди. Людмила Усманова да көрсөтмө берүүдө. Бардык соттук чечимдер кытай инвесторлоруна каршы болгон. Анын ичинде кыймылсыз мүлктөрдү тартып алуу, мисалы Даймонд элиталык шаарчасын толугу менен тартып алууга катышкан экен.
Мына ушундан улам 2010-жылдан кийинки убакытта Раиса Атамбаева кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз жол менен басып алууларга катышкан деп айтууга толук негиздер табылууда. Эгерде ал эч нерсеге аралашпай, тынч эле жүргөн болсо, анда Татарстандын Казань шаарында өтө чоң соода борборун кайсыл акчага куруп, кайсыл акчага ал жактан завод ачмак эле? Кыязы, кийин качса дагы кайсыл жакка бара турганын алдын-ала божомолдогон окшойт.
Булак: NazarNews.kg