www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байлыкты басып коюп, "чыйт" түкүрүп, баягы Икрамжан Илмиянов да жыргап жашап жүрөт. Шопурлуктан президенттин аппарат башчысынын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, өлкөдөгү кадр саясатын жана бизнес жаатын көзөмөлдөп, дээрлик акча булактарын тейлеп калганы жашыруун эмес эле. Мындайча айтканда, кызарган жердин баары Икрам аркылуу жайгарылчу. Ошентип, катардагы шопур көпөскө айланып, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда кыйла кутурган.
Кийин Сокенин кезинде "Алдамчылык" беренеси менен гана камалып, соттолуп, көп өтпөй түрмөдөн бошоп кеткен. Негизи жеңил жаза менен кутулганы сокурга да маалым. "Кустуруу" ишине илинбей, бизнесин гүлдөтүп жаткандыр. Байлыкты жашыруу, тымызын иш кылуу таризинде кыйын экен. Буга да кезек келеттир. Икрам "куспаса", анда бийликке сөз тийип калбайбы? Кечээ эле баарын бийлеп, башкарып, чиригенче байыган эргул кантип көз жаздымда калсын? Буга азыр Атамбаевдин командасы да болушпайт. Себеби, ал жактан "саткын" катары кубаланып чыкканы белгилүү да.
Кызыгы, эки жарым жыл мурда Алмазбек Атамбаев абактан чыкканда, барган элдер суюлуп калганда (кырдаалды сырттан байкап), Икрам кудасы Абдышүкүр ажыны ээрчитип, бир челек суу менен үйгө кирип барышат. "Замзам" дешип. Ал жердегилер баары таң калып карап калышат. Анан Атамбаев: "Икрам, келбей эле койсоң болмок! Кет, бар..." деп учурашпай кол шилтейт. Социалдемократтардын жаштары сабап салууга обдулушканда, экс-президент тийгизбей коёт. "Сөзгө калбайлы, тийбегиле, балдар!" дептир. Ошентип, шылкыйган боюнча жолго түшөт.
Дагы кайталап коёлу, бул эргул жакшылап "окшуп" берүүгө милдеттүү!
Булак: АЗИЯnews гезити