www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев президент болгон соң азыркы бийлик башындагылар каршы чыгышып, алды түұрмөнүн запкысын тартып чыгышкан. Бирок чет мамлекетте жүргөн Жапаровдон башкаларынын деми сууйт. Ушундай кырдаалдарда 2016-жылдын жазында ачык асманда чагылган «чарт-чурт» эткен сыяктуу Талгарбеков түзгөн «Элдик парламент» деген оппозициялык кыймыл ал кездеги президент Атамбаевдин жүрөгүн түшүрөт. Жанындагы кошоматчылары Сегизбаев, Илмиянов, Фарид Ниязов, Сапар Исаков, Иса Өмүркулов сыяктуулар Атамбаевдин жүрөгүн издеп табышып, «Элдик парламентке» жалаа жабышып, алдын 14 жылдан каматып жиберген. Бул кезде Атамбаевдин айтканынан чыкпай жүргөн Текебаев кийинки жылы эле камалып кеткен. Убагы келип «Элдик парламентти» түзгөндөр акталып чыгышкан. Талгарбеков башында турган топ биринчи президент Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келишип,ал Ала-Тоосуна бир келип кеткен боюнча дайыны жок. Эми экинчи президентти актоо боюнча аракет кылышып, катуу чамгарактап жаткан учуру. Коомдук кыймылдардан апрель баатыры Кайып Шери башында турган кыймыл да бул ишке жеңин түрүнүп киришип жаткандай. Алар 2010-жылы апрелде ал бийликти биз кетиргенбиз, биз акташыбыз керек деп турушат.
Бекболот Талгарбеков тим жаткан жок ал кайрадан кыймыл түзүп, чамынып жаткан убагы. «Туулганына эмес, турарына сүйүн» -дейт. Кыргызстанда “Коомдук кеңеш” деп аталган уюм түзүлгөн. Уюмду саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-депутат Исмаил Исаков менен чогуу негиздешкени белгилүү болду. Алардын айтымында, саясатчы, коомдук ишмерлерден турган 50 киши бийликтин кемчиликтерин көрсөтүп, кеңеш берүү менен алектенет. “Садыр Жапаровду мактаган кишилери толтура, биз ачуу чындык айталы деген ниетибиз бар”, - деп билдирген Талгарбеков. Журналисттер да бул уюмдан жөн калышпай Жоошбаев баш болгон калемгерлер кошулган.
Кыргыз оппозициясы 2014 – жылдын апрелинде акыркы ирет онтоп алып чээнине кирген. 2016-жылдын жазында Атамбаевдик бийликке каршы талпынып Талгарбеков чыгат. Ушул жылдын апрель айында түзүлгөн “Элдик парламент” зилзала болуп жер силкинген сыяктуу, көз ачып жумгуча эл алдында кадыр таап, ал мезгилде сагынып калган оппозициянын тирүү экенин билгизип, Атамбаевге сөөмөй кезеп турду. Жүрөгү оозуна тыгылып, чоочуп кеткен Алмазбек Атамбаев “Элдик парламенттин” артында чет элдик атайын кызматтардын генералдары турат деп жеңил ушагын таратып, Бекболот Талгарбековго кара пиарын айдай баштайт. Кайсы өлкөнүн атайын кызматтарынын генералдары турганы тууралуу эч маалымат болгон эмес. Анткени, бул жерде чындык жок болгон. Атамбаевдик бийликке каршы чыккан “Элдик парламент” элдин үмүтүн жандандырып, кырдаалды Атамбаев менен Темир Сариев ойлогондой жагдайга бурбай, тескери бура баштаган.
Коомчулук Бекболот Талгарбековдун Атамбаевдик бийликке бетме-бет чыкканына колдоо көрсөтүп, Акаевдин заманында бийлик чөгөлөтүүгө Аксы окуясы кандай таасир этсе, Атамбаевдин заманында анын жүрөгүнүн үшүн алган “Элдик парламент” болду.
Ошол мезгилдеги өкмөт башчысы Темир Сариев, Ички Иштер министри Мелис Турганбаев Атамбаевдин отставкасын талап кылган “Элдик парламенттин” артынан шимшилей баштайт. Алардын шимшилегенин тоготпой Бекболот Талгарбеков Атамбаевдик бийликке каршы ачык согуш ачып, май айында Атамбаевге каршы күчтөр менен жалпы элдик форум өткөзүп, 2016-жылдын 17-майында митинг болорун жарыялайт. Шиши толгон Атамбаевдик бийлик түнү уктабай, ойгоо турса Талгарбеков оюнан чыкпай, “Элдик парламенттин” тагдырын камак менен чечмей болот. Форумдун лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановду артынан куугунтуктаган Турганбаевчи жалаакорлор жалаа жаап камакка алышат. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев “Элдик парламенттин” лидерлери болсо, Марат Султанов “Элдик парламенттин” кагазын юридикалык жактан бүтүргөндүгү үчүн айыпка жыгылып, бийликти зордук - зомбулук менен басып алгысы келгендиги үчүн камалышат. Элди эмнеге кармаганын шекшибеш үчүн соцтармактардан жасалма сүйлөшкөндөрдүн аудиотасмаларды тарата баштайт. Эл тарабы аудиотасмалардагы “Элдик парламент” өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүн даңазалап жазса, Атамбаевдик бийлик тарабы чийки май жегенсип, аудиотасмалардан мүчүлүштүктөрдү шимшилеп издешип, “Элдик парламенттин” тамырын тезинен кыркып жок кылууну көздөшкөн. “Закон подлости” же бумеранг деп койот, учурда ар кимдин артынан жалаа жаап каматып койчу Атамбаев өзү камалганы менен, ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев темир канатын “Ата-Мекенде” жайып, ал эми Ички иштер министри Мелис Турганбаев “түрмөлөргө кожоюн” болуп жүрөт.
Атамбаев кеткени, акыйкаттык калыбына келип Бекболот Талгарбеков “Элдик парламенттин” лидерлери баштаган топ өз баасын алып, камактан бошотулган. 2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев экөөнө «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесине ылайык 14 жылга соттоп, Марат Султановго он жыл берген. Белгилей кетсек, 2019- жылы 8-февралда Жогорку сот жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жаза өтөөгө чечим чыгарган. 9-мартта үч жылдан бери абакта жаткан соң шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон. «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча актаганы менен «Улуттук кастыкты козутуу» беренеси боюнча айып калтырылган. Кийин Жогорку Сот тарабынан бул айып да алынды. Кайсы өлкөнүн атайын кызматтарынын генералдары турганы тууралуу эч маалымат болгон эмес. Анткени, бул жерде чындык жок болгон. Атамбаевдик бийликке каршы чыккан “Элдик парламент” элдин үмүтүн жандандырып, кырдаалды Атамбаев ойлогондой жагдайга бурбай, тескери бура баштаган. Коомчулук аларды Атамбаевдик бийликке бетме-бет чыкканыбызга колдоо көрсөтүп турду. Жалган жалаа менен айып тартуу бул оор иш, ал эми бизди камагандар жасаган иштери үчүн айып тартып жатышса керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg