www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Унгар-Тоо кыргыздын жери экенин аксакалдар айтууда, уламыш боюнча Он-Кыр –Тоону өзбекче Унгар-Тоо деп алышкан. Үңкүр-Тоо деп кимдир бирөөлөр кыргызчалап жатышат, байыркы кыргыздар да акылдуу эл болушкан. Бир үңкүр жок болсо да, кантип Үңкүр-Тоо деп атасын. Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган иш сапары учурунда кесиптеши Шавкат Мирзиеев Он-Кыр-Тоо кыргызга таандык экенин баса белгиледи. 2016-жылы Ислам Каримовдун авторитардык бийлиги мелт-калт этип казанга толуп турган учуру эле. Ишке келип эле Кыргызстандын төрт жараны темир тор артында калышкан. Он-Кыр-Тоодогу радиорелейдик станциянын кызматкерлери адаттагыдай эле жумушка келишкен. Бирок аларды Өзбекстандын ИИМ өкүлдөрү “Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү” үчүн кармашкан. Жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр Ислам Каримовдун кайтыш болгонуна байланыштуу аза күтүүдөн улам токтотулган.
Бул аймак боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чатак болуп келген. Бул тоого байланыштуунун баары татаал: ал тургай аталышы да. Кыргыз булактарында Унгар-Тоо жана Үңкүр-Тоо, Он-Кыр-Тоо деген үч аталыш кезигет, өзбек карталарында ал Унгар-Тепа деп белгиленген. Бирок Кыргызстан да, Өзбекстан да тоону өз аймагы катары эсептешер эле.
Талашты териштирүү аракети тээ 1925-жылы эле болгон, ал кезде жер кыргыздыкы экени аныкталып, бирок анык документтер сакталбай калган. Кийинчерээк, 1955-жылы кабыл алынган Өзбек ССРи менен Кыргыз ССРинин республикалык чек араларын тактоо жана жер пайдаланууга байланыштуу талаш маселелерди кароо боюнча республикалар аралык комиссиянын протоколунда Он-Кыр-Тоо өзбек тарапка таандык экени көрсөтүлүп калган. Ал кезде СССР ичинде кайсы республикага тиешелүү экени маанилүү деле болгон эмес. Кийин чек аранын ушул эле тилкеси 1961-, 1964-, 1984-жылдары да аны туурап Өзбекстандыкы деп белгиленип калат.
Өзүнүн байыркы жери Он-Кыр-Тоодо Кыргызстандын объектиси - “Кербен” радиорелейдик станциясы жайгашкан. Радиорелейдик станция бул тоодо өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери турат. Ал кезде аймак кыргыздыкы же өзбектики экени маанилүү эмес болгон. Ошондон бери станция Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун калктуу конуштарын байланыш менен камсыздап келет. Андан сырткары азыр мында облустун айылдарын коммуникацияга туташтырган уюлдук байланыш операторлорунун радиотүзүмдөрү бар. Географиялык жайгашышы боюнча бул бийик жер Кыргызстандын бүт түштүк аймагын камтый алат. Кыргызстан өз кезегинде чек аранын аталган тилкеси делимитацияланбаган, демек, Ташкент Кыргызстанга антенна жайгаштырууга уруксат берип же тыюу сала албайт деп белгилейт.
Тоо талаштуу аймак экенин катардагы кыргызстандыктар 2007-жылы эле билишти. Так ошол маалда расмий Ташкент тоого ээлик кылуу укугу тууралуу ачык айтты. Көз карандысыз гезиттин маалыматында, ошол жылы телемунарада британиялык Би-Би-Си радиостанциянын таратуучу жабдыктары орнотулган. 900 метр бийикте турган антенна, албетте, толкунду Кыргызстанга гана эмес, Өзбекстандын Наманган облусунун көпчүлүк аймагына тарата баштады. Ташкент Кыргызстанга ушул жабдык боюнча бир нече жолу каршылыгын билдирген менен жооп ала алган жок. Ал эми “душмандын үнү” Өзбекстанда да жаңыра берди.
2013-жылы болсо чатак курчуп кетти. 20-сентябрда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын 15-20 аскери Унгар-Тоого тик учак менен келип, Кыргызстандын жарандарынын документтерин текшеришти. Кошуналардын күтүүсүз келиши Кыргызстанда жарылган бомбадай эле болду. Өлкөдө “кыргыздын байыркы жерине” Өзбекстандын жүздөй аскери келди деген айың кептер тарады. Жыйынтыгында 300дөй жергиликтүү тургун митингге чыгып, депутаттар маселени чечүүнү талап кылышты.
Ал кезде тараптар сүйлөшө алышты. Жергиликтүү тургундарга абалды түшүндүрүп, а расмий Ташкент менен Бишкек аймакты чогуу кайтарууну макулдашкан. 2016- жылдын мартында тоонун айланасында кайрадан чатак чыкты. Кыргызстандын ММКларында өкмөт 2005-жылы Унгар-Тоону Өзбекстандын аймагы деп тааныганын тастыктайт деген документ жарыяланып, станцияны көчүрүү маселеси каралып жатканы кабарланган. Көчүрмөлөр аябай сапатсыз, бирок ага Кыргызстандын премьер-министри кол койгонун көрсө болот. Кыргызстандын өкмөтү маалыматты төгүндөөгө шашылып, документти жасалма деди. Бирок башка мунара баары бир курулаарын белгилешти.
Анткен менен дагы бир документ ачыкка чыгып кетти. 2006-жылы эле ТИМдин мурдагы башчысы Аликбек Жекшенкулов Он-Кыр-Тоону Өзбекстандын аймагы деп тааныганы тууралуу документтердин көчүрмөсү интернетке жарыяланды. Бирок расмий Бишкек чек аранын бул тилкесин дагы деле такталбаган деп эсептейт жана президент да, премьер-министр да чек ара маселесин өз алдынча чече албасын белгилейт.
Ал ортодо дагы бир чатак орун алды. 2016-жылы 13-августта Ала-Бука районунда Өзбекстандын милиция кызматкери кармалды. Буга мамлекетик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү себеп болгон. Маалыматты кыргызстандыктар 22-августта Унгар-Тоого коңшу өлкөнүн 7 милиция кызматкери тик учак менен конгондон кийин гана билип отурат. Өзбек тарап Кыргызстандын аймагынан мурда кармалган милиция кызматкерин өткөрүп берүүнүү талап кылды. Кыргызстан айып пул салып, өзбекстандык милициячыны бошотту. Бирок Өзбекстандын ИИМ өкүлдөрү радиорелейдик станциясында иштеген төрт кыргызстандыкты кармап кетишкен. Өзбекстан аларды өз аймагына мыйзамсыз кирип келген легалсыздар деп эсептейт жана кармалгандардын абалына тынчсызданууга негиз жок деп билдирүүдө. Бара-бара өзбек милициясынын саны 20 адамга жетип, 18-сентябрда аймактан чыгып кетишкен.
Садыр Жапаровдун 2021-жылдын мартында Ташкенге жасаган иш сапарында тараптар кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди делимитация жана демаркациялоо иштерин эки тарап тең үч айдын ичинде ишке ашыруу керектигин белгилешти. Өзбек тарап Кыргызстанга буга чейин талаш-тартыш жана саясий чыңалуунун булагы болуп келген Он-Кыр -Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат катчы Галина Байтеректин билдирүүсүндө минтип айтылды:
"Кыргызстан Сох анклавына транспорт жана аба каттамын ачып берүүгө даяр. Анклав жашоочулары чек арадан ээн-эркин өтө алышат. Ал эми өзбек тарап мындан ары Он-Кыр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди". Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди делимитация жана демаркациялоо иштерин эки тарап тең үч айдын ичинде ишке ашыруу керектигин белгилешти.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg