www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда кайсы саясатчыны көбүрөөк мактап калса так ошол атайын топко акча берилген. Атайын топ аны апендинин кызындай кылып мактап башташат. Мындай кадам азыр Чүй облусуна губернатор болгон Эркин Тентишевго жетти. Таштын жаракасынан чыккан кызгалдактай болгон Тентишовду атайын топ мактаганы мактаган.

--Чүй облусуна губернатор болгон Эркин Тентишев келе элек жатып өзүн курулай эле пиарлатып жатканы кызык. Жок дегенде куурай башын сындырып анан мактатса боло. Сыягы, мамлекеттик жоопкерчиликтүү ишти Пактарга диплом печать этип бере бергендей түшүнөт окшойт. Дал ушул Тентишевдин акчасы болсо болду, билим берип эмне кылабыз деген сыяктуу жоругунун айынан Пакистандын бийлиги Кыргызстандагы билим берүү системасын жараксыз деп таап, медициналык окуу жайларын бүтүргөн Пакистандык жарандардын дипломун керектен чыгарып салган. Кыргызстандын билим берүүсүнө урулган соккуну, Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев жакында эле Пакистанга барып араң жолго салып келди... Эми ушул Тентишев Чүй облусун жыргатып жиберет дегенге кантип ишенип жатышат билбейм, дейт белгилүү журналист Алмаз Темирбек.

Чын эле, куурай башын сындырган бул жакта турсун алдындагы барактарын алгач иреттеп алса жакшы болмок беле?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости