www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СДПКнын активдүү мүчөсү, учурда Кой-Таш окуясы боюнча камакта жаткан Алга Кылычев Кой-Таш айылындагы спецназды барымтага алуу операциясын Кундуз Жолдубаева уюштурган деген көрсөтмө бериптир. Буга чейин дагы Кылычев тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашкандыгы тууралуу кабарланган. Аны Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина дагы тастыктаган.

Эми Алга Кылычевдин көрсөтмөлөрүнө токтолсок. Анын айтымында Алмазбек Атамбаев бир гана суракка барбоо амалын көрбөстөн, көрсө Кой-Таш элдик республикасын түзүү аракетин дагы көргөн экен. Эгерде бул маалымат анык болсо (!)  анда өтө эле пастык иш экен. Өзүнүн керт башын сактап калам деп бүтүндөй эки-үч айылдын каргышына калмак экен да көрсө өзү эле. Эки айыл Атамбаев үчүн өзүнчө республика түзүп алып эмне иш кылат эле? Ачкадан өлөт беле? Эл Алмазбек, Раиса үчүн Арашан менен эле Кой-Ташта чектелип, ошол жерди эле айланып жүрө беришет беле, сектанттардай болуп? Бул эмне деген пастык?  

Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында Кундуз Жолдубаева эми күбөдөн шектүү макамына өткөрүлүшү мүмкүн. Себеби, буга чейин Кундуз Жолдубаева Алга Кылычев менен беттештирилген экен. Демек, бүгүн Жолдубаева тергөөгө чакыртылган болсо анда Алга Кылычев Жолдубаеванын алдына тана албаган жүйөөлөрдү келтирип бергенби?

Булак: NazarNews.kg

Следующий >

Последние новости