www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилок базарында 200дөй адам катышып, ок атылган окуя катталган. Окуя болгон жерге полиция жана ОМОН тартылып, жалпысы 50 киши кармалган. Мушташка Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары катышканы айтылган.

Орус маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, базарда иштеген Борбордук азиялыктар алардан акча талап кылып келген Тамерлан дегенге каршы чыгып, ошонун айынан мушташ чыккан. Өзбекстанда туулган Тамерлан жетектеген кылмыш тобу эки жылдан бери каракчылык жана акча талап кылуу менен алектенип келген. Андан жабыр тарткандар буга чейин бир нече жолу укук коргоо органдарына арыздангандары менен, андан жыйынтык чыккан эмес.

Мунусунда, тактап айтканда 4-октябрда Тамерландын тобу менен соодагерлердин ортосунда чыр чыккан. Ал 7-октябрда уланган. Бул күнү Тамерлан базарга автомат, тапанча менен куралданган 10 кишини ээрчитип келген. Ал эми соодагерлер колдоруна таш, таяк көтөрүп ага каршы чыгышкан. Тамерландын адамдарын кууп, машинасын өрттөп жиберишкен.

Кыргыз Республикасынын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (Бейбаштык) менен 163-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Окуя болгон жерге аталган кылмыш ишин ачууга багытталган тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Кароо жүргүзүү учурунда жакынкы жерлерде жайгашкан видеокамералардын видеолору көрүлүп, токтотуп коюшкан автоунаалар текшерилип, бардык далил буюмдар алынып, кылмыш ишинин материалына бекитилип, зарыл болгон эскпертизалар дайындалган. Аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин кое берилишкен. Ал эми 5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага жаткырылды. Азыркы учурда, Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын кайда экендигин тактоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости