www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абактагы Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровго жооп берди. Атамбаевдин текстин төмөндө эч өзгөртүүсүз толугу менен келтиребиз:
Президент Садыр Жапаров жакында мен жөнундө мындай деп жазыптыр: "Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар... Мен... соттон качкан эмесмин" деп.
Эми жооп бербесем болбой калды окшойт, Садыр иним. Иним дегенге таарынба, кыргыздар кичүүгө ушинтип кайрылат. Буга чейин да мен жөнүндө бир топ ушак сөздөрдү сүйлөдүң эле. "Атамбаев самолет менен тонналап алтын алып кеткен. Атамбаев кыйнап, абактан кекиртегимди кестим. Атамбаев тынч митингге октябрда кол салды. Атамбаев өзүн өзү тапанчадан жан сакчысына аттырды" жана ушу сыяктуу далай сөз айттың. Баарына чыдап отургам, жооп бербей он жылдан бери. Али жаш, ачууга алдырып жатат, адашып жатат деп. Эми бирок президент болдун, уят болот мындан ары да калп айта берсең!
Эсимде бар, 2018-жылы мага Форумга сенин абаң Сабыр келип, сенин ишиң жөнүндө бир топ сүйлөшкөнбүз. Караколдогу окуянын майда-чүйдөсүн, сени ошондо кайсы досуң алдыга түртүп коюп, анан сатып кеткенин айтып берген. Анда иниңди колдоп берейин, абактан чыгаралык деп макул болгом. Ошондо Сабыр - уруксат бериңиз, Сизди биз митингдерде шыбайлык, Сокеге жагат экен, эптеп инимди абактан чыгаралык деп суранган. Сенин башка колдоочуларың да келип жатты Форумга.
Соке октябрдагы митингден кийин бийликке кайра келип, кетпейм деп тырышканда да мен элге, тарапташтарыма кайрылгам, кат жөнөткөм, Садырды колдойлук, эптеп Сокени кетирелик деп. Садыр көп кыйынчылык көрдү, баарын түшүндү деп айткам. Акыркы бир жарым жылдан бери да бийликке жаңы эле келди, баарын түшүнөт, Кудай туура жолго салат деген үмүтүм бар болчу. Бирок, ал үмүт күндөн-күнгө өчүп баратат.
Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын самолет келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып, "мен качып кетсем болбойт, уят болот" деп, кордук көрүп, камалаарымды билсем да кайра учуп келгем Кыргызстанга. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулганду окуя боюнча иш козголгондо, соттон коркуп, тарапташтарынды таштап качып кеткенсиң чет элге. Анан мен бийликтен кетээрде 2017-жылы кайра келип соттолуп кеттиң. Соттун өкүмүн аягында Жогорку Сот бекиткен. Бирок, мен ага чейин эле кызматты жаңы президентке өткөрүп кеткем.
Сеники да туурадыр, мүмкүн сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзүм да көрдүм прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун! Анда ошо кездеги сени соттогон прокурор, следователь, сотторду бийлик өз колунда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен райсот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосоң! Ошондон баштабайсыңбы туура эмес кесилген болсоң?
Мен соттон качкан жокмун. Мен денңсоолугума байланыштуу отурумду мен жокто эле өткөргүлө деп ар бир жолу арыз жазып берип жатам сотко. Анын үстүнө прецедент бар. Батукаевдин иши шаардык сотто жана жогорку сотто мен жокто эле каралып, чечим чыгарылган. Соке кезинде да сенин кезинде да, Садыр иним. Башка сотторду деле ошентип эле өткөрө бергиле да? Мен сурак же сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт, анткени бир да суроого жооп буга чейин берелекмин жана да бербейм. Протоколдорду кара, ишенбесең. Ансыз деле сен мени 11 жылга абакка кестирдиң. Менин жашымда бул деген ПЛС - пожизненное лишение свободы - дегенге барабар. Бирок, баары бир мени дагы эле кордогуң келет окшойт, абакта да тынч койбой!..
Садыр иним! Кыргызда - уялбагандан өзүң уял деген сөз бар. Сен уялбасаң мен уялып жатам акыркы сенин жооруктарыңа. Мени карда жынайлак сүйрөп жүргөн офицерлер, аны карап турган бир топ плацтагы адамдар уялып, жер карашып журөт азырга чейин. Буйрук түздөн-түз Садырдан келген деп шыбырашат мага...
Баарыңар билип алгыла! Мени кандай кордосоңор да баары бир сындыра албайсыңар! Мен башкаларга окшоп арыз жазбайм ырайым сурап. Ырайымды күнөөсун мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары тең чындыкка дал келбейт. Высосаны из пальца, орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жеримде, Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коет акыркы сапарга...
Садыр иним! Эртели кечпи бир күнү баарыбыз элдин, тарыхтын, Кудайдын сотунда жооп беребиз! Ошондон коркуш керек.
Сен абактан демократия деп кыйкырып, бийликке келгенде эле дароо Кокон хандыгын куруп баштадың. Туркменияда убагында туркменбашы болсо бизге эми кыргызбашы болгуң бар. Бирок, биздин эл башка. Элибиз бардык кыйынчылыкка чыдайт, бирок адилетсиздикке, зулумдукка чыдабайт. Ошону унутпа, Садыр иним! Сокеге окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша.
Чек ара, жакырчылык, жана башка проблемалар толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көралбастык, өч алуу, майда-чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдында далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек. Бул жалган дүйнөгө алданба. Жараткан сага туура жол көрсөтсүн, жардам берсин! Элибизге, жерибизге ынтымак, берекет берсин!!!
Эске салсак, 23-март күнү жактоочу Замир Жоошев Атамбаевди абактан күч колдонуу менен Биринчи май райондук сотуна алып келгенин билдирген. Анын айтымында, № 47 колониянын кызматкерлери аны абактан футболка, ич кийимчен мажбурлап алып чыгып конвоирлерге өткөрүп берген. Эртеси Атамбаевдин тарапташтары ага жасалган мамилеге нааразы болуп түрмөнүн алдында митинг уюштурган.
Ал эми бул боюнча Президент Садыр Жапаров өзүнүн жеке пикирин билдирген.
«Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат» деген сөздөр болуптур. Мага кыянаттык кылгандардын баарын кечиргем. Алардын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш иели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо, сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок», — деди Жапаров.
Булак: NazarNews.kg