www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Алмазбек Атамбаев бул соттук процессте өзүнө берилген ролду ойнобой турганын мурда эле айткан” деп журналисттерге билдирди анын жактоочусу Сергей Слесарев.

Кызык анын автору ким болду экен?.. Путинби?.. Балким!..

Болбосо, Атамбаев өлкөнү башкарып турган учурда, эл үчүн чырылдаган Садыр Жапаровдой мекенчилдерди чырылдатып кайсы бир ушактардын негизинде деле каматып жатканы белгилүү эле. Анан ошондой катаал башкаруучу, ойдо жок жерден коркунучтуу кылмышкерди кантип чыгара салып, өзгөчө узатып ийгенине таң калып, собол салып, акыл толгогондор көп болучу. Эми аларга жооп белгилүү болуп калды өңдөнөт.

Демек, өлкөдө “Азиз Батукаев” деген тасма тартылып жатат. Ал эми биз буга чейин угуп-билип жүргөндөр ошол аягы саясатташып кеткен кинонун сценарийи. Анда, өлкөнүн мурдагы башчысы баштаган андагы бир катар төбөлдөр актерлук чеберчиликтерин сынап жатышыптыр.

Белгилей кетсек, бүгүн 11-октябрда мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана профессор Абдухалим Раимжановдор катышкан эпизод тартылат экен. Алар көрсөтмө берүү үчүн сотко чакырылганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости