www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам долбоору боюнча тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтканына караганда уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.

Талкууда өлкө аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай бар экени, аларда жалпысы 300 миллион тоннадан ашык калдык бар экени такталды. Депутат Улукбек Ормонов уран, торий кендерин казууга каршы эмес экенин, бирок мыйзам долбоорундагы бир пункт менен бул багытта иштеп келген ишканаларда канчалаган жумушчулар жумушсуз калаарын, дал ушул багытта өндүрүштө иштеген адистердин пикирин угуу керектигин белгиледи.

Депутат Исхак Пирматов уран, торий кендерин казууну көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүккө ээ болуп турганда уран, торий кендерин казууга каршылыгын билдирди. «Депутат У.Ормоновдун пикирине кошулам. СССР маалында иштеп турган заводдордо көзөмөл өтө катуу болгондуктан, көйгөй жаралган эмес. Бирок бүгүнкү абал башкача. Жашыл экономикалуу, таза продукт чыгарган өлкө брендине жетүүбүз керек»,- дейт депутат.

Демилгечилердин бири депутат Алмамбет Шыкмаматов ошол СССР маалында казылган кендердин калдыктарынын кесепеттери бүгүн чыгып жаткандыгына токтолуп: «Калдык сактоочу жайлардан дагы алда канча зыян келет. Андыктан, мындай жагдайда экономиканы бетке кармоого болбойт»,- дейт.

Мындай пикирди улаган депутат Кожобек Рыспаев уран, торий сыяктуу радиактивдүү кендердин калдыктарын сактоочу жайлардын пайда болушуна шарт түзбөшүбүз керек дейт. Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg 

 

Последние новости