www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча өзүнө жана анын айланасындагы адамдарга чыгарылган өкүм боюнча Фейсбуктагы баракчасына комментарий берди.
Атамбаевдин айтымында, ал өзүнүн мөөнөтүн таза аткарып, өз каалоосу менен президенттик кызматтан кеткенине сегиз жыл болду.
Ал ката кетиргенин мойнуна алды.
"Мен Кыргызстандын кызыкчылыгына эч качан чыккынчылык кылган эмесмин. Ооба, мен жаңылыштык кетирдим жана аны дайыма моюнга алам", - деп белгиледи мурдагы мамлекет башчы.
Атамбаев "жасалма" деп эсептеген (ред. Батукаев иши) айып боюнча жазаны өтөгөнүн жана эч кандай жеңилдик сурабаганын эске салды. Анын айтымында, эркиндикке чыккандан кийин саясаттан алыстап, ден соолугун калыбына келтирүүгө көңүл бурган, бирок «бул деле бийликке аздык кылып жатат».
Мурдагы өлкө башчы: саясаттан кеткени менен «мени, жактоочуларымды, жакын адамдарымды куугунтуктап жатышат», - деп нааразы болду.
Ал ошондой эле үй-бүлөсү, жубайы жана балдары, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина жана башкалар сыяктуу колдоочулары менен сыймыктанарын кошумчалап, алардан кечирим сурады.
Чет өлкөдө жүргөн Атамбаев өлкө бийлигин Рим статутун ратификациялоого чакырып, Башкы прокуратурага Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылууну тапшырды.
«Мен алардын алдында мага коюлган бардык айыптар боюнча жооп берүүгө даярмын», - деди.
Эскерте кетсек, 3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча чечим чыгарды. Экс-президент Алмазбек Атамбаев мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды.
Алмазбек Атамбаев сот тарабынан 2023-жылдын февраль айында дарылануу үчүн бошотулган. Ал Испанияга учуп кетип, ошондон бери Кыргызстанга кайтып келе элек.