www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин колдоочулары аз, азыр аны этектеп жүргөндөр кызматынан кыянаттык кылган алдым-жуттумдар, же Равшан Жээнбеков сыяктуу “Күн тийген жердин күкүктөрү”,  эртеңкисинин камын ойлогон эл тоногучтар, көпчүлүгү эптеп кара курсагын тойгузуп алууну көздөгөн аял жана эркек ОБОНчулар.  Албетте, Атамбаевдин колдоочуларын апыртып-көбүртпөш керек. Кыргызстанда митингдерге элди чогулта калуу «салты» орноп калган. Атамбаев болсо колунда бар адам. Эл арасында колдоосу бар деп көргөзүш үчүн акча төлөп демонстранттарды чогултуу ал үчүн кыйын деле эмес. Атамбаев колдоочуларын акча төлөп багып жатат. Бирок көпчүлүк Атамбаев кандай мыйзамсыз иштерге барганын билишет. Элге түшүндүрүү иштери жетпей жаткандай. Атамбаевдин саясий салмагын жана таасирин ашыкча баалап жатышат. Ал азырынча акчанын аркасы менен салмактуу. Көпчүлүк Атамбаевден жадап бүтүшкөн.

«NazarNews.kg»

Последние новости