www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин үйү карыларды дарылоо жайы болоору айтылды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү боюнча анын тарапташтарынын дооматына жооп берди.

Мүлк фонду Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевге таандык 2,70 гектар жердеги 1385,5 чарчы метр болгон дарылоо борбору мамлекетке өткөнүн билдирди. Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 26-мартта чечим чыгарганын белгилеген.

Маалыматка ылайык, бул жайды 12-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин райондук филиалы мамлекеттин менчиги кылып каттаган. 30-майда Мүлк фондунун кызматкерлери мүлктөргө инвентаризация жүргүзүү үчүн аталган имаратка барган.

Фондун маалыматына ылайык, кайтаруучулар имаратта мүлктөр жана короосунда автоунаалар бар экенин айтышкан. Мүлк фонду Атамбаевдин өкүлдөрүнө имаратты үч күндүн ичинде бошотуусун эскертип, билдирүү жөнөткөн.

Фонд "Атамбаевдин тарапташтары билдирүүгө карабай ал жерди бербөө үчүн социалдык жайга айландырууга аракет кылган" деп айыптап, алардын мындай иш жасоого акысы жок экенин эскерткен.

Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү соттун үй-мүлктү конфискациялоо тууралуу чечимине каршы доо арыз берүүгө даярданып жатаканын кабарлашкан. Ага чейин Атамбаевдин тарапташтары анын үйүн социалдык жай уюштуруу демилгесинен кийин бийлик мүлктү алууга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан.

Эске салсак, Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости