www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер жакында компаниянын 2025-жылдагы иштеринин алдын-ала жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып, компания өткөн жылы Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанга газ берүүнү 20 пайызга көбөйткөнүн белгиледи. Ушундан улам Кыргызстандын “Газпром” менен байланышып калуу таржымалы эске түштү.

Биз 2013-жылы өлкөбүздү газ менен жабдыган, анан дээрлик банкрот абалында турган “Кыргызгаз” компаниясын россиялык “Газпромго” символикалуу түрдө 1 долларга (!) сатуу чечими кабыл алынганда Атамбаевди аябай эле сындаганбыз. Атүгүл ошол кездеги парламентарий Ахматбек Келдибеков 1 долларга ал деле сатып алмагын айтып чыккан. Анын сөзүнө ишенип, Атамбаевди сындагандар да көп болгон. 

Бирок, кыргызда “жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” деп айтылгандай, Атамбаев ошол учурда жыргаганын элге жаман көрүнүп, аны саткан эмес. Бизде ал убакта “Кыргызгаз” деген аты улук ата мекендик компаниябыз бар болгону менен, анын супарасы курук эле. 

Союз мезгилиндеги жетекчилерибиз мажирөөлүгүнөн, келечекти ойлоно албагандыгынан улам, өлкөбүздөгү аз сандагы газ чыккан кендерди иштетүүнү да Өзбекстанга алдырып жиберишкен. Ошондуктан Кыргызстанды газ менен жабдуу толук бойдон кошуна өлкөгө өткөн. 

Анан өз алдынча мамлекет болгондон кийин Аскар Акаев менен Ислам Каримовдун мамилесине жараша Өзбекстан каалаган убакта газ берүүнү токтотуп, же кийинки жылга келишим түзүүнү создуктуруп,аны  саясий куралга айлантып алганы жашыруун эмес. Натыйжада кышында газсыз калган учурлар аз эмес жолу кезикти. Анан 1990-жылдардын аягында А.Акаев жана анын командасы аргасыздан толук ойлонулбаган, экономикалык жактан эчептелинбеген бир кадамга кадамга барышып,

Бишкектеги бир нече үйлөрдү газ менен тамак жасоонун ордуна электр мештерине өткөрүп, натыйжада суу аз болгон жылдары кышында электр тартыштыгы жаралып, ого бетер какаганга - муштаган болгону да - кечээги тарых. 

Кыргыздардын (“Кыргызгаздын”) ошол убакта канчалык бечара болуп калганын төмөнкү статистикалык маалыматтар далилдеп турат.  1990-жылдан 2013-жылга чейин газды керектөөбүз 2,4 млрд. кубдан 207 млн. кубга (11 эсеге) чейин азайган. 

Акаевден кийин бийликке келген Курманбек Бакиев И.Каримов менен тил табышып, газ берүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча макулдаша алганы менен анын баасын төмөндөтө алган эмес. А тариф 2005-жылдагы  куб метрине 3,1 сомдон 2013-жылы 15 сомго чейин (5 эсеге!) кымбаттаган. 

Баса, адатына сала А.Атамбаев И.Каримовдун дарегине орой сөздү балп эттире коюп, Ош шаары кышында газсыз калып, Россия жардамга келип, электр плиталарын бергени да элдин эсинде болсо керек.

Мындай учурда Кыргызстандын өз алдынча газ инфраструктурасын өркүндөтүүсү (эски газ куурларын жаңылоо, жаңыларын куруу, калктуу конуштарды газдаштыруу ж.б.) жөнүндө сөз кылууга да болбойт эле. Башканы кой, бизде абоненттерден керектелген газ үчүн акыны чогултуу да чоң көйгөй болуп калган. Ал жоготууларды (анын ичинде коммерциялык, же тактап айтканда, коррупциялык) айтпай эле коелу.  
Ушундай кризистен чыгуунун жолу катарында (балким башка кыйын жолдору болсо да оңоюна качырдыбы?) Атамбаев “Газпромго” карыздары, эскирген инфраструктурасы, коррупциялашкан менеджменти менен кошо 1 долларга сатып кутулууну тандаган. 2013-жылы компаниянын тышкы карызы  65 млн. долларга жеткен. 

Анын натыйжасында эми бизди газ менен жабдуу, өлкө ичиндеги газдаштыруу, газ менен жабдуу инфраструктурасын модернизациялоо деген сыяктуу проблемалардан да кутулдук. Миллер мурда Европага берилип жаткан газдын эсебинен Борбор Азия өлкөлөрүнө газ берүүнүн көлөмүн көбөйтүү каралып жатканын айтса, “Газпромбанктын” экономикалык прогноздоо борбору  5 жыл аралыгында эки эседен аша турганын белгиледи.  Натыйжада газ берүүнүн көлөмү 19-20 миллиард куб метрге жетет. 

Ошондуктан, кыргыздар, башкасын айтпай эле коелу, газ жагынан кам санабасак болот.

Последние новости