www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов «Лейлек районунун ардактуу атуулу» деген сыйлык алды. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясы билдирди.
Лейлек райондук администрациясы 24-июлда ишмердүүлүгүнүн биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыгын чыгарган. Анда райондун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана башкалар «Лейлек районунун ардактуу атуулу» наамын алышты.
Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жеке компаниядан 150 миң доллар алган деп айыпталган.
Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, жети жылга эркинен ажыратылган. Ал Кылмыш кодексинин «өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси боюнча кесилген. Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албай турганын айтып келген.
Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүп, Илмияновдун жазасын беш жыл алты айга чейин кыскарткан.
Булак: NazarNews.kg