www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин сот иштери аягына чыга элек

2019-жылдан бери камакта отурган Атамбаев быйыл 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Бул тууралуу бүгүн 1-декабрда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди. Төраганын айтымында, Атамбаевдин сот иштери боюнча териштирүү аяктай элек, ал дагы көрсөтмө бериши керек:

“Ал ден соолугуна байланыштуу чыккан экен. Мыйзамдуу чыккан. Азыр анын башка да кылмыштуулугу, эпизоддору боюнча иш жүрүп жатат, кайра улантылган. Ошол иш да созулуп жатат, себеби жабыркаган тарап да, күбөлөр да толук суралып бүтүшү керек. Ошондон кийин Атамбаев суралат. Эгерде ал ооруканадан сакайып чыккан болсо, токтотулган иш улантылат”.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости