www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн бошонуп кеткени боюнча айыпталып жаткандардын бири – мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Батукаевдин иши боюнча документтерде анын айыгып кеткени тууралуу маалым кат жок деп чыкты. Анын айтымында, Батукаевдин ден-соолугун текшерүү керек эле, бирок, андай болбой калыптыр. Бул тууралуу ал бүгүн 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
«Азиз Батукаевдин бүгүнкү күндөгү анализдерин алып, анын азыркы ден-соолугун, акыбалын текшерүү керек болчу. Мындан сырткары, кылмыштын объектиси катары аны да суракка алыш керек болчу. Тагыраагы, анын түрмөдөн бошонушун жана өлкөдөн чыгып кетишин эмне менен байланыштыраарын өзүнөн сурап, такташ керек болчу. Бир дагы тергөө органы мындай жасаган эмес, материалда Батукаевдин айыгып кеткени тууралуу далил жок. Тергөө болгону Азиз Батукаев азыркыга чейин жашап жатабы, демек, анын ден-соолугу жакшы деген гана жүйөнү бетке карманууда», - дейт Замир Жоошев аталган агентикке.
Күлкү келээрлик бекен?
Эми Атамбаевдин жактоочулары Батукаевдин азыркы учурдагы анализдерин алып, анын азыркы ден-соолугу кандай экенин текшерүү өтүнүчүн сотко келтиришет экен.
Эскерте кетсек, 2013-жылы Кыргызстандын түрмөсүнөн мыйзамсыз бошонуп, өлкөдөн чыгып кеткен Азиз Батукаевдин иши боюнча 19 адам айыпталууда. Алардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев да бар.
Булак: NazarNews.kg