www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас Арабаевдин атын укканда жылан сойлоп келе жаткансып, дене дүркүрөп, жүрөк «зырп» эте түшчү, уктап жаткан бала түшүнөн «апалап» ойгончу. Бийлик дурманы башты айланта баштап, күнөөлүбү, күнөөсүзбү Атамбаев бийлик башында турганда ар кимге жалаа менен кылмыш ишин козгогон. Мунун көпчүлүгүн башында «Бөрк ал десе баш алган» ал кездеги Манас Арабаев турган. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев, Карганбек Самаков, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Талант Мамытов, Нурлан Мотуев бул көркоону жакшы эстешет. Азыр мунун ордуна Базарбеков Замирбек Курамаевич – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Эми ишти адилет карап чечсе болду.
2018 –жылдын 26 июнунда Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү А.Жумабаев менен начальниги Н.Мамбеталиев 5 000 АКШ доллары менен пара алып жаткан жерден Коррупцияга каршы күрөшү кызматы тарабынан колго түшкөн. «Серый кардинал» Манас Арабаевдин кийлигишүүсү менен Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү А.Жумабаев менен начальниги Н.Мамбеталиев таза кутулуп кетишкен. Кызыл кекиртегинен акчалар зуулдап сойлоп кеткен Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү А.Жумабаев менен начальниги Н.Мамбеталиев баканооз К.Иманалиеванын буйуртма заказын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 18 февралында кылдай күнөөсү жок Керимов Жаныбекке 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом уурдап алган деген жалган айып тагып кылмыш ишин ачкан. Соттук экспертиза бул иш боюнча Керимов Жаныбектен эч куынтык таппай койгон соң, аны ОБОНчу баканооз К.Иманалиеванын айгагы менен, эч фактысы жок алдамчылык боюнча беренеге такап соттон айып коюп жатат.
Мындай зулум, кара өзгөйлөрдү Бишкек Ички иштер Башкармачылыгын жетекчиси Азамат Ногойбаев такалай турган мезгил жетти. Илгери Болот Ногойбаев деген Ички иштер министри болгон. Курманбек Бакиевдин убагында маркум Ногойбаев министр катары ал кездеги «жыгач генералдар» Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевдердин «биссилдасын» оозуна келтирип койчу. Бир ирет алар «Бириккен, Фронт» түзөбүз деп дээликти эле, Ногойбаев «нокаутка» уруп салган. Азамат Ногойбаев бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп жаңы эле бекиди. Белгилей кетсек, буга чейин Ногойбаев шаардык милициянын башчысынын милдетин аткарып жаткан. Ал уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясынан кийин иштен кеткен Бакыт Матмусаевдин ордуна келген. Азамат Ногойбаев — милициянын полковниги, калыстыкты туу туткан, жамаат алдында абройлуу, чындык дегенде чыркыраган жетекчи. Анын Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү А.Жумабаев менен начальниги Н.Мамбеталиев сыяктуу баканооздордун тили менен тайраңдап тургандарга сес көрсөтүп, ишти калыстык менен карайт деген ишеним чоң. Булар эч кандай адвокаты жок, заказдын негизинде Керимов Жаныбекти 7 саат боюу психологиялык кысым көрсөтүп сурак уюштурган. Алардын мындай кыйноо жолу менен жасаган аракеттери ишке ашып Керимов Жаныбек айтпаган сөздөрдү айтты болуп жазууга аргасыз болгон. Бирок ал 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом уурдап албаган соң, экспертиза аны актап чыкканы менен тергөөчүлөр өз күчтөрүнө салып, ишти ушул күнгө чейин созуп келатат.
СИЗОдо мыйзамсыз 1 жыл 2 ай отурганы үчүн ким жооп берет эле? Албетте, анын иши ак болгондуктан мыйзамсыз мынча убакты кармап жатканы үчүн тергөөчүлөр, прокурорлор, сот процесстерин өткөрүп жаткан судьялар жооп беришип, жалган жерден жатканы үчүн өкмөт Керимов Жаныбекке моралдык жана материалдык компенсация төлөп бермек. Ашкан акылдуу судья С. Чотонов экспертиза таза экенин билдирип, башкы берене боюнча акталып чыкса да, күбөлөрдүн жалаасынын негизинде ага алдамчылык кылган деген негизсиз өкүм чыгарып жатканына жол болдсун. Эмне бизде 1937-жыл кайра кайталанып, баканооздордун жалган жалаалары боюнча соттоп калдыкпы? Кимдир - бирөөлөр эч кандай фактысы жок, сөз менен айыптап койсо, соттор ошонун негизинде өкүм чыгарып калышканбы? Бишкек Ички иштер Башкармалыгына жаңыдан көчүк баскан Ногойбаев бул иштерди калыстык менен карап, туура жыйынтык чыгарат деген ишенимдебиз.
Кыргыз Республикасынын «Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү» жөнүндө Кодекси жаңы кабыл алынып, маңкурттуктун запкысын тартып, тергөөчүлөрдүн торуна түшүп калган адамдарда үмүт пайда болду. Алар жалган ушактардын айынан жалаа жаап, кылдай күнөөсү жок адамдарды жок шылтоолорду таап камап, акыйкат дегенди унутушуп, акча бергендердин кулуна айланышып, мителик менен коомубуздун жек көрүмдүү адамдарына айланып бара жаткан. Кыргыз Республикасынын «Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү» жөнүндө Кодекси өз убагында, мыйзамсыз акча менен байыгандарды ооздуктоо үчүн кабыл алынган. Мурунку Кодекс боюнча ар кандай мыйзамсыз акча алууларга жол берилип келсе, эмки кодексте мыйзамсыз өз капчыгы үчүн акча алгандар катуу жоопкерчиликке тартылышат. Кимдир бирөөлөрдөн капчыгына акча толтуруп, анысы билинген соң да, суудан таза кутулуп кеткендер үчүн катуу чаралар көрүлөт. Жазык-процесстик кодексинин 37-беренесине ылайык ыкчам бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: кылмыш тууралуу арыздарды каттоо, кылмыш болгон жерлерди кайтаруу, прокурор тарабынан берилген атайын тергөө амалдарын жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын «Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү» жөнүндө Кодексинин жаңы редакциясында кылмыштын алдын-алуу, бөгөт коюу, аныктоо жана кылмыштын бетин ачуу функциясын алардан алып салган.
Дүйнө жүзүндө Эл аралык тажрыйбаны изилдөө көрсөткөндөй жазык соту түпкү тамырынан бери өзгөргөн Украина, Грузия, Балтия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерде жазык соттук өндүрүшүнүн мындай моделдери кезигишпейт. Ал эми Европада, АКШда кылмыштуулук териштирүүнүн эки түрү бар, Биринчиси, эркин, ыкчам кызматкерлердин жашыруун иш-чараларын жүргүзүүүсү. Экинчиден, бекем, алдын-ала тергөө ишинин алкагында иш-чараларды жүргүзүүүсү. Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөндөй, ыкчам бөлүмдөр тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүни негизинде гана өткөрүлөт, ошондуктан бул туура эмес деп эсептейбиз, анткени мындай иш-чаралар кылмыштуулуктун алдын-алуу болтурбоо жана бетин ачуу максатында жүргүзүлүшү, четте калган.Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 37-беренесинин 2-бөлүмүнүн, 10-пунктуна өзгөртүү киргизишибиз керек, ошондо гана ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлери өз функцияларын толугу менен аткарышат.Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы тарабынан азыркы убактагы түзүлгөн кырдаалдарды түшүнүп туруп ыкчам-илимктөө ишмердүүлүгүн мурдагыдай эле калтырган. Жазык-процесстик кодексинде карма-каршылыктар көп кездешет.
Мурда тергөө органдары кылмыш ишинин процесстик бөлүгү менен алектенип, ыкчам иликтөө ишмердүүлүгүн ижүргзүүдө табылган жыйынтыктарын процессуалдык форма берип келишкен, бирок эч качан кылмыштын бетин ачууда демилгечи болгон эмес. Жаңы жазык процессти кийирүү менен, тергөөчүлөрдүн жүгү жогорулады, ошондой эле жоопкерчилиги, мурун капчыгын толтуруп алып, ким акча берсе ошонун сөзүн сүйлөп келсе, эми ак караны ылгаш керек. Жаңы жазык –процессти кийирүү менен азыркы учурда келген маалыматтарды алгачкы текшерүүсүз эле, электен өткөзбөй туруп КЖБРга катталуусу көбөйгөн. Ошондой эле Жазык кодексинин жана КЖБРдин ченемдерине ылайык көмүскө булактардан келип түшкөн маалыматттар катталышы керек, бирок бул маалыматтар бардык эле учурда так эмес. Мисалы, тажрыйба көрсөткөндөй көмүскө булактардан мындайча айтканда баканооздордон алынган маалыматтардын 25-30 пайызы тастыкталып, тергөө кызматкерлери тарабынан калган учурларын тергөө үчүн канчалаган убакты жана каражат сарпталып, чыныгы кылмыш иштерин тергөө үчн алагды кылат. Баканооздордун бардыгы эле туура маалымат беришпейт, алар өздөрүн ойлоп, каршылаштарын каматып жок кылууну эңсешет.
Ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан өз алдынча кылмыштуулук менен күрөшүп, кылмыштын бетин ачуу үчүн иш аракеттерин жүргүзбөө, бул кылмыш кылбаган кылмышкерлерге гана пайдалуу. Анткени, алар үчүн кылмышты жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү мыйзамы кылмыштуулук менен күрөшүүдө жашыруун түрдө өткөрүлүп, кылмыштын бетин ачууда жашыруун иш-чаралары жүргүзүлөт. Жазык кодексинде мажбурлоо жолу каралса, ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү мыйзамында мындай мүнөздөмө жок. Себеби, болгону бул мыйзамда ыйгарым укутуу органдарынын көмүскө ишмердүүлүгүн жөнгө салуу каралган. Ал эми ыкчам иш-чараларынын жүргүзүлүшүндө мыйзамды бузуу көрүнүшү ар бир ыкчам кызматкердин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту бузуу субьектиге карата болот. Бүгүнкү күндө кыйноо окуясы боюнча анча көп эмес кылмыш иштери сот тарабына жиберилип, көпчүлүгү далилденип такталбагандыгы үчүн кыскартылган.
1917-жылы 4-декабрда кылмыштардын иши бүттү дешип, НКВД кылмыш-иликтөө бөлүмүн жоюп салышкан. Бир жылдан кийин 1918-жылы 5-октябрда бул бөлүм кайрадан ачылган. Азыркы болуп жаткан реформалардын учурунда пара алган коопсуздук кызматкерлерин катуу чара көрүлө баштаганда, Кыргыз Республикасынын «Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү» жөнүндө Кодексинин жаңы редакциясында эл кубана турган жакшы беренелер киргизилген. «Туулганына сүйүнбөй, турганына сүйүн» дешет кыргыз эли, жакшы жөрөлгөлөр ишке ашып кетишине тилектешпиз.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg