www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз коңшу Казакстандын белгилүү "Достук" ордени менен сыйланды.

Садык Шер-Нияз эки элдин маданиятына кошкон салымы үчүн сыйланган. Сыйлык тапшыруу аземине маданият министри Кайрат Иманалиев, Өмүрбек Текебаев жана маданият өкүлдөрү катышты.

"Бул биздин маданиятыбызга берилген баа деп кабыл алабыз. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата коңшу Казакстан менен биригишкен маданий иш-чараларыбыз өтөт. Ошондой эле кыргыз-казак акындарынын айтышы Бишкек жана Нур-Султан шаарларында өтөт", - деди министр Кайрат Иманалиев.

Сыйлык тапшыруу аземинде Садык Шер-Ниязга калпак, чепкен кийгизилди.

Достук ордени коомдогу өз ара ынтымакты сактоо боюнча жемиштүү иши, тынчтыкты, достукту жана элдин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн жемиштүү кызмат кылгандарга берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости