www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эверестке чыккан Эдуард Кубатов Жер шарынын эң бийик чокусунда туруп кыргызстандыктарга кайрылган видеосу менен бөлүштү.

Альпинист Facebook баракчасына жарыялаган видеосунда жеңишин кыргыз элине арнай турганын айткан.

«Кыргыз элим, бүгүн, 23-майда, 8 саат 35 мүнөттө Эвересттин чокусуна чыктым. Кыргыз элим, касиеттүү менин мекеним, ушул жеңишимди силерге арнайм. Эркиндигибизди, касиетүү жерибизди, эгемендүүлүгүбүздү сактап калалы», — деген ал.

Кыргызстандык Эдуард Кубатов 23-май күнү «Эверест 1» экспедициясынын курамында Эверестти багындырган.

Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.

Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп чокуга 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.

Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости