www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти «балашкалаштырам» деп Атамбаев салабаттуу саясатчыларды ийнине кийире кубалап, «отур» десе отурган, «осур» десе  осурган «балашкаларды» бийликке топтоду. «Азаттыктан» барып пресс-катчысы болуп жүргөн Акаев гана ЖКга «Аташканын» акчасы менен өткөн соң укпай койду. «Балашка»  «Сапарушка» Исаков өкмөт түзгөндө орун басарлары бүт «балашкалардан» : «Тоша» Абдыгулов, «Душенка» Зилалиев, Темир Жумакадыров (кырсыктан көзү өттү) сыяктуулар болгон. Мал сыяктуу тишин ачып көрүп карыган экен деп Турсунбеков Чыныбайды чычыра кубалап ордуна «балашка» Дастан Жумабековду алып келген. Бүгүн так ушул Дастан Жумабеков сыяктуу «балашкалары» «Аташкасына» тиш кайрап, башынан ылдый жугунду куйа баштады. Сабыр Жумабеков деген  Акаевдин заманынан бери чоңдорду көрсө акактаган дөгдүр бар эле. Анын көз жашынан улам Чыңгыз Айтматов Бакиевге айтып  аны «Ак жол» партиясы менен депутат кылса иштей албай койду, «Ата-Журт» аны министр кылса ал жакты оңдурган жок. Анан Сабыкең жоктон тапкансып айылга да депутат болууга жарабаган сабатсыз инисин ЖКга алып келди. Документ жазганда да ката кетирген бул сабатсыз «балашканы» «Аташкасы» спикер кылып кетти эле, бир заматта «кидать» этти. Эми буга окшогон «балашкаларга» пенсияны ойлоо али эрте, «Аташканын» кишилери кайра бийликке келе турган болсо, «эшафотко» башын койбосо да сабатсыз спикердин булганыч жерин таап кор кыла көрбөсө болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости