www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашы жете элек кызга сексуалдык асылуу боюнча кылмыш иши Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлдү. Негизги шектүү кыздын атасы. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун жактоочусу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, аталган жаранга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси «Жашы жете электерге карата уятсыз аракеттер» боюнча кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучу Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалган. Жабырлануучунун жактоочуларынын айтымында, шектүүнүн жакын туугандары анын мурдагы жубайына көрсөтүүнү улантууда.

Буга чейин 24.kg агенттигине жашы жете элек баланын апасы кайрылган. Анын айтымында, баласы төрт ай бою өз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. Кылмыш болгон учурда кыз 15 жашта болгон.

Булак: 24.kg

Последние новости