www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз Жаныбек Абировдун абийирсиз жоругу тууралуу көп жолу жаздык. Тилекке каршы, сууну сиңген жерге төк, сөздү укканга айт дегендей, Абировдо абийир болбосо айла жок тура.
Мына Жогорку Кеңештин депутаты кезинде чоң муштум, зөөкүрлүгүнүн айынан бирөөнү сабап салып, мандатынан ажырады. Ошондо парламенттин борбордук трибунасынан аябай каада менен "менин депутат болуп отурууга моралдык укугум жок" деп айткан. Эсине жара чыгып өзү унутуп калса дагы, эл унута элек.
Бетсиздигин ушундан билели, "мен өз арызымды жазып мандатымды өткөрүп бергем, кайра депутат болууга мыйзам жол берет" деп, арадан алты ай өтпөй минтип мансапка жутунуп "өлүп" жатат.
Туура, балким мыйзам жол береттир. Бирок өзү айткан мораль жагы эмне болот? Абиров образдуу айтканда, "түкүрүгүн" кайра оозуна салгандай, же өз "кусундусун" өзү кайра ичкендей болуп жатат. Мээси болгондо ушул жөнөкөй нерсени түшүнүп, "шайлоочулар суранып жатат" деп арамзаланбай, "силер мага өз кусундумду кайра өзүмө ичирип, шерменде кылганы жатасыңарбы" деп намыстанып, арданмак.
Тилекке каршы, бул мансап үчүн "энесин сатчу" коркунучтуу неме тура. Айтмакчы, Бишкек шаарынын кеңешинде депутат болуп турганда, атасы Бишкек ТЭЦине Казакстандын уулуу көмүрүн алып келген чууда, журналисттер сиздин атаңызбы десе өз атасын "жок тааныбайм" деп танып кеткен неме, Ата-Журтту ойлонбой эле сатса керек.
Анан ушундай немени кайрадан депутат кылабыз дешип, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Үсөнов "жеңелик" кылып, БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаровго "жуучу" түшүп жүрөт. Мыйзам жагынан акыл айткан дал ушул "Ангус" каймана аты бар Шайназаров экени айтылууда. Сыягы, кулкундун айынан алкымдан алдырып алаканы ысыган окшойт.
Болбосо, дал ушул Абировдун айынан Ленин районунан үчүнчү ирээт шайлоо өткөнү турат. Мамлекет кайра-кайра шайлоо өткөрүп, 32 миллион сом чыгым тартып жатат.
БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын ЖКнин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 38-беренесинин 2-пунктунда: “Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес”, - деп турат.
Бош мандаттын пайда болушуна жана эки жолу бюджеттен акча кетип шайлоо өтүшүнө Абировдун өзүнүн арызы негиз болгон. Анан ушуну жаралгандан жалгыз ыйыктан бетер эркелеткен Жаратканга да жакпаса керек.
Булак: NazarNews.kg