www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ататүрк сейил багында мыйзамсыз курулган объектилер бузулат

Ататүрк паркындагы мыйзамсыз курулган үйлөр буздурулат. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Ал буга чейин парктын 107 гектардык чек арасын бекиткен токтомго кол койгон.

Токтом боюнча 43 гектар жерге турак жай курууга берген жергиликтүү бийликтин уруксаты жокко чыгарылып, жер паркка кайтарылышы керек. Учурда 43 гектарда 198 имарат бар.

"Бардык имараттарды бузуу башкы максатыбыз эмес. Мурда бекитилген 107 гектарлык чек арага кайтарып, мыйзамга ылайык келтирүү — негизги милдет. Ар бир маселени жекече кароого даярбыз. Токтомдо ишке ашыра турган кадамдар белгиленген. Анын ичинде бузуу, күнөөлүүлөрдүн эсебинен келтирилген зыянды калыбына келтирүү сыяктуу ар кандай механизмдер колдонулат. Балким, айрымдары боюнча сот, укук коргоо органдарына кайрылууга туура келиши ыктымал. Учурда жерлерди өз ыктыяры менен муниципалитетке өткөрүп берүү боюнча билдирүүлөр жиберилүүдө. Ал эми учурунда кабыл алынган чечимдерди мыйзамсыз деп эсептөөдөбүз, демек, кенемте боюнча маселе каралган жок", — деди Жунушалиев.

Ошондой эле ал жер жеке жактарга өтүп кеткен учурдагы жетекчилердин жоопкерчилигин Башкы прокуратура карай турганын кошумчалады.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости