www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Ататүрк сейил багынын чыгыш тарабындагы объектилер алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 86 метр тосмо, 14 метр узундуктагы чатыр алынат. Мындан тышкары, №104/1 дарегиндеги төрт кабаттуу үйдүн айланасындагы муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган тосмону жашоочулар өз ыктыяры менен демонтаждоодо.

“Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан уруксат берилбеген курулуштарды аныктоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Болбосо, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт”, — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Бишкек мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышканы кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости