www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аткезчилик жүк ташып келе жатып кармалган жарандын «КамАЗ» унаасы мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл 22-июнда Баткенде коңшу мамлекеттен «КамАЗ» унаасы менен дарбыз, күрүч жана башка азык-түлүктөрдү мыйзамсыз ташып келе жаткан Т.Ж. аттуу жаран кармалган.
"Мыйзамсыз аткезчилик боюнча козголгон административдик иш«тин алкагында, 21-октябрда Лейлек райондук сотунда автоунаанын айдоочусу Т.Ж. күнөөсүн мойнуна алган. Ага 60 миң сом айып пул салынып, товар үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө милдеттендирилди. Лейлек райондук сотунун токтому менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланган", — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg