www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан-Батор шаарында 43 жаштагы С.Б. кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, эл аралык издөөгө алынган.

«Ал жабырлануучунун ишенимине кирип, электрондук акча каражаттарын сатып алууда пайдалуу курсту убадалап, 100 миң долларын алып алган», — дейт ИИМ.

Шектүү 2023-жылы Польша кармалып,  Бишкекке экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал эми Бишкекте Монголияда издөөдө жүргөн 42 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Ал жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган.

 

Булак: NazarNres.kg

Последние новости