www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-майга караган түнү Атырау облусундагы Жалгансай айылында суу жеп кеткен коргонуу дамбасы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалгансай айылына жакын жердеги Жайык дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, суу жолду каптай баштаган. Куткаруучулар дароо дамбаны бекемдөө жана жол жээгин кум салынган каптар менен тосуу иштерине киришип, бул жөнүндө жергиликтүү тургундарга кабар беришкен.

Жалгансай айылын суу каптоо коркунучу жаралганына байланыштуу тургундар тез арада коңшу Махамбет айылына эвакуацияланган. Эртең мененкиге карата жергиликтүү мектепте ачылган убактылуу эвакуациялык жайда 154 киши болсо, алардын 96сын балдар түзгөн.

Жалгансайдагы жолдордун жээгине чымдан узундугу 800 метрди, бийиктиги 1,5 метрди түзгөн тосмо тургузулган. Мындан тышкары ал жерге кум салынган 7 миңден ашык кап тизилген. Учурда сууну сордуруп алуу иштери уланууда.

ӨКМдин маалыматына караганда, айылдагы үйлөрдү суу каптаган жок. Куткаруу иштерине жалпысынан 812 киши тартылган. Алардын арасында жергиликтүү акимчиликтин, ӨКМдин, Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери, ошондой эле ыктыярчылар болгон.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 23-майга карата өлкө боюнча буга чейин эвакуацияланган 61 668 киши үйлөрүнө кайтты. Эвакуациялык жайларда дагы 5 498 адам калууда.

Жалпысынан өлкө боюнча 11 312 үйдөн жана 3 606 короо жайдан 24,4 миллион куб суу сордурулуп, 8 миллион мүшөк кум төшөлгөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости