www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңылануунун кадамдары кыска убакыттын ичинде ишке аша баштады. Мындай пикирин БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүн, 28-январда NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
«Бүгүнкү ант берүү аземге карапайым элдин катышып жатканы жаңы стандарттар менен жаңыланууга бара жатканыбыздан кабар берет. Буга чейин мындай аземдерге бийлик өкүлдөрү эле катышып келген.
Жаңы президент шайлангандан бери мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси башталды десем болот. Жаңылануунун кадамдарды кыска убакыттын ичине ишке аша баштады. Ал эми 30 жылдан бери элди бөлүп-жарып келген саясатчылардын куну кетти. Ыкчам реформалар жүрө турган болсо, бул элге да, ишкерлер үчүн, эл аралык мамилелер үчүн да көрүнүктүү иштер болуп жатканынан кабар берет.
Мүмкүнчүлүктөр терезесин биздин жаштар туура колдоно алса, өлкө үчүн чоң жетишкендик болот», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg