www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп күндөн бери ага-ини Осмоновдор Ош шаарынын "Кең-Сай" конушунда салган "Кыргыз Текстиль" кийим тигүү фабрика-кластеринин айланасында сөз токтобой жатат. Өткөндө Ошко башкы прокурор Курманкул Зулушев барганда Осмоновдордун оппоненти ушул башка дооматтарына кошуп, фабрикага бөлүнгөн 40 гектар жер арзан бааланып берилгенин да айта кетти. Башкы прокурор Осмоновдордон 75 миллион сом өндүрүү боюнча иш алып барып жатканын, алардын "крышасы" эместигин белгиледи.

Эми, сөздү ушул жерден баштайлы. Азыркы тапта, 7000 киши иштегенге даяр, дүйнөлүк бренд компаниялардан буйрутма ала билүү үчүн эмгек шарттарынан баштап, бардык керектүү жабдык, имараттарынын салынышы дүйнөлүк стандартка ылайык кылып салынган, ал жерде пахтадан жип, андан кездеме, кездемеден ар түркүн кийим тигүү процессине бир чоң фабриканын ичинде даярдалган кийим тигүү класстери салынган аймак мурда таштандыга толгон, кароосуз жаткан эле аймак болчу.

Осмоновдор Ош шаардык мэриясына кайрылып, 49 жылга, 2,5 миллион сомго сатып алышкан. Башка мамлекетте элге жумушчу орун түзүп берем деген ички инвестор эмес, сырттан келген инвесторго жерди бекер беришмек же абдан жеңилдетилген шартта.

Ошончо таштанды аймакты тазалап, чоң фабриканы салып, ага кошумча оорукана, ашкана куруп, эми анда иштей тургандардын балдарына бала бакча жана мектеп салууну пландап жатканда "бөйрөктөн шыйрак чыгарып" бут тосуунун эмне кереги бар?!

Андай эле жерлердин берилишин казып жатсаңар, азыркы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдукун казгыла. А киши Бишкектин түштүк-чыгыш тарабынан 28 гектар жерди Игорь Чудиновдун учурунда апасынын жана аялынын тууганына бекер чыгартып алган. 25 гектар жерине үйлөр салынса, ар 4-5 гектары 40-50 миң доллардан сатылса эле Жапаровдордун кулкуна 200 миллион сом кирген болот.

Андан бери келсек, канчалаган мэр "Ата-Түрк" паркынын аянтын "крысадай" кемирип, сатып келишти. Азыр ал жерде 173 өңчөй байлар жашайт. Ушуларды казбайбы урматтуу башкы прокурор.

Ал эми Осмоновдор "Кең-Сайды" бекер трансформация чыгартып алып, аны бөлүп-бөлүп саткан жок. Ал жерде миңдеген кишиге жумушчу орун түзүп берип жатат. Ал жерде 7000 киши иштесе демек, дагы бир 7000 киши тентип Россияга кетпей, дагы бир 7000 үй-бүлө ошол фабриканын арты менен күн кечирип жатат.

Ботом, кичине адилеттүү бололу да. Жапалакка газ жеткирүү жана башка мамлекеттен алган тендердик жумуштарын аткарбаса, анысы казып аткарткыла. Бирок, таштанды жерден гүлдөгөн индустриалдык шаарчага айлантып жаткан "Кең-Сайдагы" кийим тигүү фабрикасына тийишпегиле. Уят!

Семетей Талас уулу, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости