www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму каржылаган эл аралык "Ачык өкмөт" уюмунун катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин айланасындагы азыркы ызы-чуу, анын өкмөт башы Абылгазиевдин бажасы экени менен эле токтоп калган жок. Улам түрдүү жагдайлар орун алып жатат. Буга чейин Мегаком менен келишим түзүп 345 млн.сом төлөтмөкчү болгон "КТ Мобайл" чатагы менен башталган чыр, акыры аларды жумуштан ажыратып, аягы өкмөт башынын өлөсөлө абалы менен аяктаганы турат.

Бул боюнча депутаттык комиссия ишин баштап, "бажанын" билинбеген бактысы тоодой жактарын жарялай баштады. Актанып, аны "Ачык өкмөт" уюмуна Абылгазиев алып келбегенин айткан менен алган айлык акчалары эле "бактысын" ташка тийгизе тургандай. Маалыматтарда Рысалиевдин "Ачык өкмөт" уюмундагы алган айлыгы 950 евро экени айтылууда. Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова Иманкадыр Рысалиевдин бажасы болгон өкмөт башынын тапшырмасы мененби, айтор бул сумманы айлык катары алганын төгүндөөдө.

Бирок, "бажа" Рысалиев бир учурда маалымат булактарына берген маегинде өзүнүн айлык акысы 950 евро экенин ырастаган жайы бар. Даагы бир маалымат булактарында депутат Элвира Сурабалдиева Иманкадыр Рысалиевдин маянасы 5000 евро экенин айтканын жазып чыгышкан. Эмнеси болсо да бул маалыматтардын этегине Эл аралык "Ачык өкмөт" долбоорунун расмий билдирүүсү эле чекит коет окшоп калды.

Булак: "Факты.kg"

Последние новости