www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жогорку соттун орун басары Каныбек Бокоев учурдагы соттун “серый кардиналы”  укук коргоо, прокуратура жана сот тармагында аттын кашкасындай эле таанымал. Ал Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында сот, төрага болуп иштеген.

Жердиги Алайдан болгондуктан азыр суутулган аттай алчактап турган кези. Сот системасындагы саясый маселелерди чечүүдө Каныбек Бокоев менен Ак үйдөгү үлкөндөр акылдаша турганын эшиттик. Айрыкча кадр маселеси боюнча.

 «Көзүргө» айланган Бокоев фемиданын аброюн кетирбей, элдин ишениминен чыкпай жагымсыз көрүнүштөрдөн эртелеп арылууга кадам ташташ керек. Сот тармагы адилеттүү болсо мамлекеттин пайдубалы бекем болот, президенттин кадыр-баркы жогорулайт. Соттун катып калган абийирин көтөрүш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости