www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсыкка BMW X7 унаасынын катуу ылдамдыгы себепкер болгон. Мындай бүтүмдү автотехникалык эскпертиза чыгаргандыгы белгилүү болду. Ал тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБ жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген.
Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт адам мерт кеткен. Ал эми жол тандабастагы жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Алгач BMW X7ни Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков башкарып бара жаткан деген маалыматтар дагы тараган. Көп өтпөй ал унааны Элдияр Халмурзаев аттуу жаран башкаргандыгы айтылып, ал камакка алынган болчу. Бирок, Халмурзаев кийинчерээк Каракол шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ошентип кандуу жол кырсыгынын себеби дагы аныкталды жана такталды. BMW X7 унаасы эрежени бузуп, белгиленген ылдамдыктан катуу бара жаткандыгы белгилүү болду.
Чындыгында ага автотехникалык экспертизанын деле кереги жок болчу! Эми бул иш боюнча жыйынтык кандай болот? Убакыт көрсөтөт...
Булак: NazarNews.kg