www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Артур Медетбеков, Генерал майор, УКМКнын мурдагы орун басары:

- Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы катачылыктар тууралуу оюңузду айта кетсеңиз?

-7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы көп мүчүлүштүктөр менен коштолду. Ошонун негизинде ал күнү операция ишке ашпай калды. Бул операциядан эки чоң ишти бөлүп көрсөткүм келет. Биринчиси альфа катуу таасир бере албай элдин кату соккусуна кабылып, жарадар болгондор болду, барымтага алынып, бир кызматкер каза болду. Атамбаев буга чейин эле курал колдоноорун, келсеңер атам деп айтып келген. Эгер айрым депутаттар, саясатчылар Атамбаевге туура кеңеш берип койгондо мындай ызы-чуу болбойт эле. Дагы бир опурталдуу иш болду ал Курсан Асановдун жалаага калганы. Мен айтат элем генерал Курсан Асанов өзүнүн профессионалдуулугу менен ошол ишти эч кандай кан төгүүсүз чыгарды деп. Бул жагы генералга карата  акыйкатсыз иш болуп калды.

Булак: Факты.кж

Последние новости