www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдын 7-апрели кимдир бирөөлөргө жакындарынан айрылып кайгы алып келди, кимдир бирөөлөр, жашынып жүрүшүп, бул күнү мансаптуу бийликке келишти да “потолокко” түкүрүп коюшуп, эсирип көбүштү. Кыргызда салт бар адам өлүп жатканда киринбейт, чын эле адам каза болуп жатса ким киринип жатмак эле. 7-апрелде жүздөгөн жигиттер курман болуп жатса, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басарын мелжеп турган Алмазбек Атамбаев: “Мен СИЗОдон чыктым, жуунуп тазаланайын” –деп кетип, душуна түшүп отурган дешет.

Атамбаев деле эркек да, эркек болгон соң ичкиликтен ууртап-татып койот. Кээ бир учурда “аракечтик синдромуна” чейин кирип  кетип, анан андан чыга албай дарыгерлерди чакырчу дешет. Дарыгерлер ийне сайып, “капельница” менен арактан чыгып кете турган дары куюшат. Ичкиликтен тазалай турган абдан баалуу дары бар дешет, ал деле “капельница” аркылуу куюлса керек. Атамбаевди дарыгер “капельницага” жаткызып дарылап жатса, Раиса Атамбаеванын “подружкасы”  Гүлмира Баитова кирип келип эле, суроо-сопкуту жок эле, суналып жаткан Атамбаевдин колу-бутун ушалап массаж жасап кириптир. Тиги дарылап жаткан дарыгерди көзгө да илбептир, дарыгер турганда эле илбериңкилик менен ушунчалык массаж жасаптыр, кокус тиги дарыгер жок болсо, Гулмира айым ушалап жатып соолуп жаткан Атамбаевдин күнүн бүтүрмөк окшойт. Деги Раиса Атамбаеванын “подружкасы” наамына жеткен Гүлмира Баитова ким?

2010-жылы “спецполиклиниканы” тажырыйбалуу адис Марат Акимов жетектеген. 7-апрелдеги кан аккан каргашалуу күнү Атамбаев тарапка пикири түз болбосо да, Гиппократтын антын сактап кан жуткан жигиттер үчүн тикесинен-тике турган. Энеси өзбек болгондуктан Гүлмира Баитова анча-мынча кыргыздын үрп-адаттарына көз жуумп, татар кызы Раиса Атамбаевга жагалданып жүрүп “спецполиклиниканы” жетектеп калат. Мансабынын кызыкчылыгы үчүн ал кыргыздын мекенчил жигити Камчы Ташиевге жалаа жаап, ал ага каршы атылган октон запкы жегенин билсе да, тосмодон секирем деп жатып, алаасын айрытып алган деген, Атамбаевге куп жаккан ушак чыгарып “үй- бүлөөгө” абдан жакындап, Атамбаевдин эң ишенимдүу адамына айланган. Ал койондой коркок, койон жүрөк Койоналиевди башка чаап айдап алат. Арашандык Туруспек Койоналиев айылдашы болгондуктан гана президенттин Иш башкармачылыгын жетектей турган, ошодуктан Марат Акимовду кодулап жүрүп кетирип, ордуна “спецполиклиникага” жетекчи кылып Гүлмира Баитованы койот.

Гүлмира Баитова тараканга таланып эле эл катары жөн-жай үйдө турчу. Атамбаевдин “үй-бүлөсү” менен жакындашкан соң 300 миң долларлык эң кооз турак-жайдын ээси болду, Жалга да хансарай салдырат.  Раиса Атамбаева аркылуу Атамбаевди көндүрүп Саламаттыкты сактоо министри болгону, документтерин топтоп жатканда Атамбаевди бийликтен ажыратып коюшту. Болбосо, Атамбаевге массаж жасап жүргөндөр деле министр болмок. Эмне экен шопур деле мамлекет башкарып, жансакчысы министр болбодубу. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин“мыйзамсыз байуу” деген 308-1 беренеси бар. Жооптуу кызматты ээлеп турган адамдар 6-8 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискация кылынат деп бакыйта жазылып турат. 20-30 миң сом айлыгы менен 300 миң долларлык үйдү кантип алды?  Хансарайды кантип салдырды?“Спецполиклиникада” дарыканалар тармагы бар дейт, бул жерде өзүнчө эле Гүлмира Баитованын “үй-бүлөлүк мафиясына” айланып кетиптир. Дарыланууга келген адамдардан ушул дарыканалардан гана соода кыласыңар дешип зордукташат. Бул дарыканаларды Гүлмира Баитованын бир туугандары, жакындары ээлеп алган, булардын ким экенин тактап, сыдыргыдан өткөзө турган учур келди?

Мыйзамдуу ак никеде жубайы бар. Аны Атамбаевдердин убагында аларга таянып Теплоключенкого  ооруканага жетекчи коюп койсо барар менен “ит талаган түлкүдөй” кубалап чыгыптыр. Арийне, элдин эсебинен жашаганды жакшы көргөн Гүлмира Баитова “спецполиклиниканын” эсебинен Европага, Непалга медициналык жыйындарга барганды сүйөт. Медициналык жыйындарга барабы же мээсин сергитип эс алып келеби ким билет. Чет мамлекеттерге барганда жубайы мурдунан байланган корозчо шелпейип ээрчип алат дешет.  Социалдык өнүктүрүү министрин, орун басарлары менен чет мамлекетте элдин эсебинен сайрандап жүргөндөрү билинип, бүт кызматынан алышты эле, “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” Гүлмира Баитова Атамбаевдин убагында эле сайрандап көнүп алган, эми ага кимдин алы жетмек эле. Президенттик Иш башкармасынын жетекчиси, түз ачендиги Бекбоев кокус Атамбаев бийликке кайра келсе эмне болом деп Гүлмира Баитовадан бөжөңдөп коркуп жүрөт. Атамбаевге массаж жасап жүргөн Гүлмира Баитовага эмки бийлик массаж жасатпайт дечи, бирок Ак үйдү тейлеген “спецполиклиникадан” албаса ал жердегилерди жийиркентип сасытып бүттү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости